БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 17 миллион доллар алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Каражаттын жарымы (8,5 миллион доллар) кредит, жарымы грант түрүндө берилери айтылат. Долбоор "Үчүнчү айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID-19 менен күрөшүү)" деп аталат.Насыя алуу боюнча келишимге экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.
Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө (экономикалык инфраструктуранын объектилерин каржылоо, киреше алып келүүчү долбоорлор) жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардамга, ошондой эле гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.
БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бири узаган жылы чыгымга учураса, калганынын иши кирешелүү болду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Өлкөдө 23 банк иш алып барат. Анын 22си жалпысынан 4 миллиард 124,2 миллион сом тапкан.
Узаган жылдын жыйынтыгы боюнча бир каржы-насыялык мекеме 1 миллиард 551,5 миллион сомго чыгымга учурады. Кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес.Мындан тышкары, беш банктын лицензиясы артка кайтарылып же такыр берилбей калуу алдында турат. Алардын экөө жалпысынан 3,8 миллион сом пайда тапса, үчөө 4,3 миллион сомго чыгашага учураган.
Эске салсак, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк, анын ичинде ички экономика жабыр тартты. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылы өкмөт бир катар насыяларды төлөө мөөнөтүн узарткан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер евразиялык ишкерлер жана демилгечилер сынагынын алкагында үч долбоор сунуштады. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министр Артак Камалян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Сынак былтыр май айында жарыяланган. Жакшы долбоорлорго инвестициялык колдоо көрсөтүү каралууда.
Камаляндын айтымында, өткөн жылы күзүндө 80ден ашуун долбоор келип түшкөн. Мындай конкурс жыл сайын өтүп турмакчы.
"Кыргызстандан үч долбоор келген. Экөө курулушка, бири жаңгакты кайра иштетүүгө байланыштуу. Менин билишимче, Кыргызстандын бийлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө туристтик эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорду карап жатышат. Бул абдан жакшы иш", — деди ЕЭК министри.
Камалян жеңүүчүлөргө долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилерин белгиледи.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.