Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Артем Новиков встретился с Главой Офиса Всемирного банка в Кыргызской Республике Навидом Накви.

Кечигүү болбойт! Новиков Дүйнөлүк банктын өкүлү менен долбоорлорду талкуулады

(жаңыланган 10:33 27.03.2021)
Биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер тездетилмекчи.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банк саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналары белгиленди.

  • Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Артем Новиков встретился с Главой Офиса Всемирного банка в Кыргызской Республике Навидом Накви.
    Биринчи вице-премьер Артем Новиков Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Артем Новиков встретился с Главой Офиса Всемирного банка в Кыргызской Республике Навидом Накви.
    Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банк саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналары белгиленди.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Биринчи вице-премьер Артем Новиков Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту

Новиков Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан "Мектеп медицинасы" долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер өз сөзүндө долбоорлорду ишке ашырууда өкмөт тараптан кечиктирүүлөр болбой турганына ишендирди. Ошондой эле өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган сунуштар жана долбоорлор даярдала турганын кошумчалады.

Белгилер:
пандемия, медицина, мектеп, компьютер, долбоор, дүйнөлүк банк, Артем Новиков
Тема боюнча
Олимпиадага даярдык. Новиков бир катар тапшырмаларды берди
Май күйүүчү жайы. Архив

Күйүүчү май өлкөнүн кайсы аймагында баарынан кымбат сатылууда. Статистика

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май кымбаттап жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга дүйнөлүк рыноктогу баалардын көтөрүлүшү себеп болуп жатканын айтып келет.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.

8-апрелге карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 47,94 сомду түзүп, өткөн айдын ушул күнүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо  көрсөткүчтөн Баткен (бир литри 51,22 сом), Исфана (50,91 сом), Кара-Суу, Ноокат (48,70 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литри 46,40 сом), Балыкчы (46,70 сом) жана Чаек айылында (46,90 сом) катталды.

Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 44,70 сомдон тарта 47,83 сомго чейин алууда.

Белгилер:
статистика, Кыргызстан, Күйүүчү май, баа
Тема боюнча
Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбаттайт
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын алтын-валюта резерви бир айда 150 млн. долларга кыскарды

(жаңыланган 10:03 08.04.2021)
Улуттук банк өткөн айда сомдун курсун турукташтыруу үчүн 74,3 миллион доллар саткан. Деген менен алтын валюта корунун көлөмүнүн азайышына башка дагы себептер болгону айтылды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын алтын запасы март айында 149,7 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта жазылган.

Февралдын аягында алтын жана валютанын запасы 2 миллиард 672,8 миллион долларды түзгөн. Марттын аягында ал кыскарып, 2 миллиард 523,1 миллионго түшкөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында алтын-валюта резервинин көлөмү тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард доллардан ашкан. Бирок кийин ай сайын кыскаруу байкалган. Резервдин көлөмү азыркы көрсөткүчтөн да төмөн түшкөн учур өткөн жылдын апрелинде катталган.

Эске салсак, мартта өлкөнүн башкы банкы 74,3 миллион доллар саткан. Лондондун баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча нарк февралдын аягынан марттын соңуна чейин 51,8 долларга арзандап, 1 691и түздү.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.

Белгилер:
экономика, Кыргызстан, Улуттук банк, арзандоо, резерв, алтын, валюта
Тема боюнча
Кыргызстандын алтын запасы бир жылда 33,7 млрд. сомго кымбаттады
Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

(жаңыланган 20:06 10.04.2021)
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Белгилер:
лаборатория, арзандатуу, авиабилет, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема боюнча
Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым