Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүИшкер металлолом менен. Архив
Ишкер металлолом менен. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Тыюу боюнча КМШнын Аткаруу комитети менен Дүйнөлүк соода уюмуна Экономика жана финансы министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Өкмөттүн токтому:
  • Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдардын куймасын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификацияланган) эритүү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айга тыюу салынсын;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө кабарласын;
  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө кабарласын;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн;
  • Токтомдун аткарылышы Кыргызстан өкмөтүнүн аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мындай чаранын колдонулушуна эмне себеп болгону айтылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0