Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Бизнесмен Жалил Атамбаев мамлекетке дагы 50 млн. сом төлөдү

(жаңыланган 20:15 29.03.2021)
Ишкер марттын башында кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болгону аныкталган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бизнесмен, ИИМдин мурдагы кызматкери мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ишкер марттын башында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган. 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыянды бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Натыйжада Атамбаев мамлекетке 50 миллион сом которуп, камактан чыккан.

УКМКдан билдиришкендей, ишкер дагы 50 миллион сом которуп, жалпы жонунан 100 миллион сом берди жана келтирилген чыгымдын ордун толуктады.

Белгилер:
УКМК, Жалил Атамбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Бюджет 100 млн. сомдой зыян тарткан. УКМК Маммүлктөгү коррупцияны ачыктады
УКМК Бишкектеги райондордун биринин акимин кармады
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив

Казакстан менен Кыргызстандын товар айлантуусу эки айда 109 млн. долларга жетти

(жаңыланган 10:55 20.04.2021)
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2021-жылдын алгачкы эки айында 109,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Январь, февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 109,8 миллион долларды түздү. Бирок бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөн", — деп айтылат кабарда.

Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

Коңшу өлкө биримдикке кирген өлкөлөр менен эки ай ичинде 3 миллиард долларлык соода кылган. Алдыңкы орунда 2,7 миллиард доллар менен Россия турат. Андан кийин Беларусь (112,4 миллион доллар), Кыргызстан (109,8 миллион доллар) жана Армения (2,3 миллион доллар) жайгашкан.

Белгилер:
товар, соода, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Казакстанда баалар "чектен чыгып", бийлик кескин чараларга бара баштады
Өзбекстан менен КР товар айлантуусун 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатат
Автоунаалар. Архив

Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды

(жаңыланган 09:46 20.04.2021)
2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 авто алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 машина киргизилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.

Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен көлүктүн саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.

Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.

Белгилер:
импорт, автоунаа, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты