БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Экономикалык жактан негиздүү болушу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу керек. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги Sputnik Кыргызстан жиберген сурамга берген жообунда айтылат.
Редакция "тарифти жогорулатуу боюнча эксперттердин сунушуна кандай карайсыздар?" деп сураган.
Министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф дүйнө боюнча эң төмөн экенин белгилейт. Мындан улам энергосекторду реформалоо боюнча капиталдык программага жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү өлчөмдө каражат бөлүнбөй жатканы айтылат.
"Энергетикалык компаниялардын карызы (кредит, ссуда) дээрлик 129 миллиард сомду түзөт. Деген менен электр энергиясын өндүрүүдөн азыркы тариф менен түшкөн каражат, кредит төлөө жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарынан аз болуп, ордун жаппай калууда. Мындан улам чыгымдарды оптимизациялоо муктаждыгы жаралды. Болбосо тынбай чыгымдарды кыскартуунун, оңдоо иштерине жана капиталдык салымдарга каражаттын бөлүнбөй калышынын кесепети тиет. Авария жана өчүрүүлөр көбөйүшү мүмкүн", — деп билдирди министрлик.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекет электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн эки сомдон ашыгыраак чыгымга учурап жатканы белгиленди.
"Буга байланыштуу азыркы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты кайра карап чыгуу максатка ылайык. Калктын муктаж катмары үчүн социалдык тариф, калгандарына экономикалык негиздүү тарифти колдонуу шарт", — деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле учурда орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип жатканы, жакынкы күндөрү коомчулукка жарыяланары белгилүү болду.
БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бири узаган жылы чыгымга учураса, калганынын иши кирешелүү болду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Өлкөдө 23 банк иш алып барат. Анын 22си жалпысынан 4 миллиард 124,2 миллион сом тапкан.
Узаган жылдын жыйынтыгы боюнча бир каржы-насыялык мекеме 1 миллиард 551,5 миллион сомго чыгымга учурады. Кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес.Мындан тышкары, беш банктын лицензиясы артка кайтарылып же такыр берилбей калуу алдында турат. Алардын экөө жалпысынан 3,8 миллион сом пайда тапса, үчөө 4,3 миллион сомго чыгашага учураган.
Эске салсак, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен дүйнөлүк, анын ичинде ички экономика жабыр тартты. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылы өкмөт бир катар насыяларды төлөө мөөнөтүн узарткан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер евразиялык ишкерлер жана демилгечилер сынагынын алкагында үч долбоор сунуштады. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министр Артак Камалян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Сынак былтыр май айында жарыяланган. Жакшы долбоорлорго инвестициялык колдоо көрсөтүү каралууда.
Камаляндын айтымында, өткөн жылы күзүндө 80ден ашуун долбоор келип түшкөн. Мындай конкурс жыл сайын өтүп турмакчы.
"Кыргызстандан үч долбоор келген. Экөө курулушка, бири жаңгакты кайра иштетүүгө байланыштуу. Менин билишимче, Кыргызстандын бийлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө туристтик эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорду карап жатышат. Бул абдан жакшы иш", — деди ЕЭК министри.
Камалян жеңүүчүлөргө долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилерин белгиледи.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.