БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Долбоор өкмөттүн текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.
70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.
Объект Казакстандын чек арасына жакын жерде "Манас" эл аралык аэропортунан 30 чакырым алыстыкта орун алат.
"Соода-өндүрүш жайларын жана кампаларды жеке менчикке алууда инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет. Алар жылуулук, суу жумуштарын уюштуруу менен "баштарын оорутпайт". Ишкерлер даяр имаратты алып иштетет", — деп айтылат маалыматта.Соода-көргөзмө комплексинде биринчи этапта тигүү фабрикалары салынат. Долбоорду толугу менен кыргыз ишкерлери каржылай турганы айтылды. Аталган паркта иштегендерге белгилүү компания жана бренддер менен байланыш түзүүгө, маркалоо, сертификация жана жүк жеткирүү жагынан да колдоо көрсөтүлө турганы маалым болду.
Парктын аймагында сегиз негизги сектор жайгашып, жумушчулар үчүн тамактануучу жайлар, социалдык-административдик мекеме, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бала бакча, унаа токтотуучу жайлар иштейт.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.
Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.
Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.
Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.
Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.
Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.
Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.
Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.
"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.
Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын, Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек — Будапешт — Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.
Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.
Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.
Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.
Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.
"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.
Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.