Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Быйыл өлкөнүн эң башкы ГЭСи жылдагыдан миллиарддаган киловатт-саатка азыраак электр кубатын иштеп чыгышы ыктымал. Sputnik Кыргызстан кийинки жылуулук сезонуна электрсиз кирип калбайбызбы деген суроонун тегерегинде ой калчап көрүүнү чечти.
Заманыбызда электр кубатынын маанисин баалоо татаал, ошондуктан энергетикалык фронттогу жаман кабарлар көңүлдү чөгөрбөй койбойт. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мирлан Бакиров Токтогул суу сактагычындагы жагдай тууралуу билдирген.
"Бүгүн 8 миллиард куб метр суу бар экени айтылат. Бул жылуулук сезонунда энергетикалык каатчылык күтүлөрүнөн коңгуроо кагат", — деген Бакиров.
Кырдаалды изилдеп, ал канчалык татаал экенине баам салууну чечтик.

Электр кубаты жаатындагы көнүмүш көйгөйлөр

Акыркы 12-13 жылда суу, анын айынан киловатт-саат маселеси Кыргызстанда улам көтөрүлүп келет. 2008-жылы адам фактору, суунун агызылышы жана Токтогул суу сактагычындагы көлөмдү үнөмдөө электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө алып келген. Кыргызстандыктар суткасына алты сааттан жарыксыз отуруп калган. Суу толуп турган 2010–2011-жылдар ошол күндөрдү унуткарганы менен кийинки мезгилдер бул багытта дегеле көңүлдү жайгарууга болбой турганын айгинеледи.
Суу тартыш болгон 2012-жыл айыл чарбасын алсыратса, андан кийинки кургакчыл мезгил (2014-жыл) энергетикага залал келтирген. Дал ошондо Кыргызстан алгач ирет электр кубатын саткандын ордуна сатып ала баштаган. Жайкысын Тажикстандан, кышында Казакстандан кымбат киловаттарды сатып алуу менен өлкө электр кубатынын таңсыктыгынан сактанган.
Кезектеги кыйын кырдаалга да адаттагыдай суунун аздыгы жана керектөөнүн өсүшү себеп катары көрсөтүлүүдө. Келиңиздер, соңку эки жылуулук мезгилин салыштырып көрөлү. Быйыл февралда гана керектөө көлөмү 2020-жылдын ушул айына караганда төмөнүрөөк болгон. Бирок керектөөнүн кыскарышы дайым эле көмөкчү боло бербейт, анткени лимиттен ашканы байкалат. Кыргыз энергетикалык борборунун маалыматы боюнча быйыл 22-мартта өлкө боюнча электр кубатын керектөө деңгээли 46,9 миллион киловатт-саатты түзгөн. Бул былтыркы ушул күнгө карата көрсөткүчкө салыштырмалуу 4,2 миллионго азыраак, бирок чектен 8,2 миллионго көп.

Жагдай азыр кандай?

Электр кубатын өндүрүүчүлөрдүн негизгиси болгон "Электр станциялары" ААК бүгүн, 31-мартта, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 728 миллион куб метрди (максималдуу — 19,5 миллиард) түзгөнүн маалымдайт. Суунун агып кириши секундасына – 178 куб метр, ал эми агып чыккан суунун көлөмү – 340 метрге жеткен. Коркунучтуу нерсе деле жоктой, бирок эки күн мурда эле суунун агымы менен чыгымы бирдей, тагыраагы, 190 куб метрди, ал эми суунун көлөмү 8 млрд. 752 миллион куб метр эле. 29-марттан бери эле суу 24 миллион куб метрге бөксөргөн.
24-мартта энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев былтыркы жылга караганда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3 миллиард куб метрге азайганын маалымдаган. Эске салсак, бир киловатты иштеп чыгууга орточо бир куб метр суу керектелет.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эмнеге мынчалык маанилүү?

Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Кыргызстан менен Өзбекстан керектүү учурда электр энергиясын алмашат

Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылуулук мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмдөн көз каранды. Дал үнөмдөө максатында 2008-жылы электр кубатын берүү чектелип, маал-маалы менен өчүрүлгөн. Ал эми 2014–2015-жылдары сырттан сатып алганбыз.

Суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык долбоордук деңгээл — 5,5 миллиард экенин белгилешет "Электр станциялары" ачык акционердик коомундагылар.

Бийлик кандай чара көрмөкчү?

Өткөн аптада энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев калкты электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн өкмөттө ички керектөөнү кыскартуу, коңшу өлкөлөрдөн электрди импорттоо жана иштеп чыгууну жогорулатуу боюнча каралып жатканын айткан.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев
"Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу чекке жетип калганын айтып келгенбиз. Ушул тапта кооптуулуктун алдын алуунун ар кыл ыкмаларын карап жатабыз.
Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Токтогулда суу кооптуу чекке жетти. Өкмөт ички керектөөнү азайтмакчы
Казакстан, Өзбекстан 1 миллиард киловатт-саат импорттоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 1-мартта импорт башталган, бүгүнкү күндө эки өлкөдөн 120 миллион киловатт-саат алдык. Мында биз мурдагыдай эле товар алмашуу механизмин пайдаландык. Электр кубаты карызга үч жылга берилди. Ушул убакыт аралыгында биз аны кайра аларга кайтарабыз, биз аны сатып алган жокпуз", — деп түшүндүрдү Турдубаев. Анын айтымында, былтыркы жылдык деңгээлге чыгуу үчүн 3 миллиард киловатт-саат үнөмдөп же кошумча электр кубатын издөөгө туура келет.
"Ошондой эле ички керектөөнү да кыскартуу зарыл. Азыр ушунун жолун кароодобуз", — дейт министр. Быйыл Бишкек ТЭЦинде электр иштеп чыгууну 1 миллиард киловатт-саатка көбөйтүп, 2,5 миллиардга жеткирүү пландалууда.

Тарифтер жогорулайбы?

Эксперт Таалайбек Байгазиев акыркы жылдары керектөө ооздукталгыс деңгээлде өсүп, бирок тарифтер өзгөрүлбөй, ошол себептен энергетикалык тармактын чыгымдары көбөйүп кеткенин белгиледи. Ал төмөндөгү категориялар үчүн тарифтерди көбөйтүүнү сунуштайт:
  • Бардар турган жарандар;
  • Бизнестин айрым түрлөрү (мисалы, мейманкана жана ресторандар).
© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт Таалайбек Байгазиев
Директор ОАО Кыргызский энергетический расчетный центр Талайбек Байгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эксперт Таалайбек Байгазиев
Ошону менен бирге Байгазиев калктын социалдык жактан аяр катмарына "шарттарды жеңилдетүү" керек деп эсептейт, башкача айтканда, ийкемдүү тарифтик саясатты киргизүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, бул чаралар керектөөнү кыскартып, иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды жаңыртып, жаңыларын куруу үчүн каражат топтоого мүмкүндүк берет.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы азыркы КРдеги социалдык багыттагы тарифтер дүйнөдө эң төмөнкүлөрүнүн бири, энергетикалык тармакты жана аны реформалоонун капиталдык программаларын жетишерлик деңгээлде каржылоого шарт түзө албайт дейт.
"Энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелери (насыя, ссудалар) 129 миллиард сомду түзөт. Ошол эле учурда азыркы тарифтердеги электр кубатын сатуудан түшкөн каражат бул ишканалардын насыя төлөмдөрү жана күнүмдүк чыгымдарына караганда аз", — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Энергетика министрлиги жарык үчүн тарифти жогорулатуу планын иштеп жатат
Тарифтердин орточо өлчөмү электр кубатынын өздүк наркын (былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча киловатт-саатына эки сомдон ашуун) жаппай турганы белгиленет.
"Энергетикалык компаниялар чыгымдарын оптималдаштырууга мажбур. Бирок чыгымдарды аргасыз кыскарта берүү, ремонттук иштердин, капиталдык салымдардын кем каржыланышы терс көрүнүштөргө, мисалы, улам бузулуп же жарыктын тез-тез өчүшүнө түртүшү мүмкүн", — дейт маалымат кызматы.
Ошону менен бирге эле "тариф адилет жана экономикалык жактан негиздүү болушу кажет" экенин баса белгилешти.
"Ушуга байланыштуу орточо-мөөнөттүк тарифтик саясатты кайра карап чыгып, калктын чындап муктаж катмары үчүн социалдык тарифти, ал эми калгандары үчүн экономикалык негиздүү бааны колдонуу туура болмок", — деди тийиштүү министрлик.
Мындай жаңы тариф саясаты азыр иштелип чыгууда. Бул туурасында кабарлаган маалымат кызматы ал жакын арада коомго көрсөтүлөрүн да кошумчалады.

Маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн

Энергетика боюнча эксперт, "Түндүк электр" ААКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапарбек Аргымбаев энергетикалык каатчылыкка жол бербөө үчүн электрди импорттоп жана Бишкек ТЭЦин иштеп чыгууга толук катыштыруу керектигин айтат. Бирок бул дагы жетишсиздик кылышы ыктымал, анда маал-маалы менен өчүрүүгө туура келет.
"Кыргызстан ошого жакындап калды, бул ыкманы Токтогул суу сактагычында суу топтоп алуу үчүн жайдан тарта киргизүү керек. Маселен, жайкысын кондиционер, муздаткыч иштеткен соода борборлору, компаниялардын кеңселери электр кубатын көп колдонот", — дейт Аргымбаев.
Андан эрте деле маал-маалы менен өчүрүүгө туура келиши мүмкүн. Эксперт Байгазиевдин айтымында, быйыл суу өтө аз, келерки күзгү-кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу деңгээлден түшүп кетет деген коркунуч бар. Ошондуктан керектөөнү 2,5-3 миллиард киловатт-саатка кыскартуу абзел.
Ош базардагы азык-түлүк контейнери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи
"Эгер электр кубатын импорттоо боюнча макулдашууларга кол коюлбаса, гидроэнергетикалык ресурсту жетишерлик топтой албасак, жайга жетпей эле азыртан маал-маалы жана даректүү өчүрүүгө мажбур болобуз", — деп белгиледи ал.
Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги андай өчүрүүлөр болбостугун айтышат. Өзбекстан жана Казакстан менен товар алмашуу жөнүндө (Кыргызстанга электр кубатын импорттоо) протоколдорго кол коюлганын, Бишкек ТЭЦинин режими өзгөртүлгөнүн, электр иштеп чыгуу жогорулатылганын эске салышты.
"Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн иштерди эске алуу менен 2021-2022 күзгү-кышкы мезгилинде чектөөлөр жана маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбей турганын маалымдайбыз", — деп жазылат мекеменин жообунда.

Канча суу топтолот, дегеле канча суу керек?

"Электр станциялары" ААК жылуулук мезгилине карата Токтогул суу сактагычындагы тийиштүү көлөм — 15 миллиард куб метрден кем болбошу зарыл. 1-октябрга карата канча суу топтоо пландалганы боюнча так маалымат азырынча жок.
Күйүүчү май куйуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Министр күйүүчү майдын баасын ооздуктоочу эки кадамды атады
"Баары Нарын дайрасында суу кирчү кездин, тагыраагы, апрелден сентябрга чейин созулчу маалдын жыйынтыгына, ошондой эле Казакстан менен Өзбекстан иш жүзүндө канча электр кубатын бере аларына жараша. Ошондой эле бул электр кубатын керектөөдөн да көз каранды", — деп түшүндүрүштү компаниядагылар.
Аны менен бирге эле "Электр станциялары" суу тартыштыгы аяктаары тууралуу Кыргызгидромет борборунун божомолу азырынча жок экенин тактоо менен калкты электр кубатын сарамжалдуулук менен пайдаланууга чакырышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0