БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү азык-түлүк саткан үч дүкөн менен арзандатуу тууралуу келишим түздү.
Аталган органдын сунушу менен өкмөт супермаркеттер үчүн чектөөнү алып, суткасына 24 саат бою иштешине мүмкүнчүлүк берген.
Макулдашуулар төмөндөгүдөй болду:
Ошондой эле Монополияга каршы агенттиги жума сайын жарманкелер өтүп жатканын эскертти.
Тагыраак айтканда, өз ара сүйлөшүп алып бааны жогорулатуу жана ордунда кармап туруу сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн Россия, Беларусь, Казакстан жана Арменияда колдонулгандай товар жүгүртүүнүн 15 пайызын алуу боюнча айып пул киргизүү демилгеленүүдө.
Аны менен катар кандай учурда кандай рынокту жөнгө салуу маселесин иретке келтирүүчү мыйзам долбоору да иштелип жатканы айтылат.
Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.
"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.
Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.
Маяна алганга чейин кээде бир нече миң карыз алып турууга туура келет... Сизге да бул тааныш жагдайбы? Көйгөйдү чечүүнүн бир ыкмасы — насыялык картаны колдонуу (эл арасында – "кредитка" деп коюшат).
Sputnik Кыргызстан өлкөдө жеке адамдар үчүн чыгарылган насыялык карталардын шарты боюнча түрмөк даярдап, анын артыкчылык жана кемчиликтерин карап чыкты.
Колго тез арада тиет. Картаны алуу үчүн паспорт жана кирешенин тастыктамасын көрсөтүү талап кылынат. Негизги талаптары жөнүндө банктын расмий сайтынан жана каржылык мекеменин өзүнөн алдын ала билип алган оң. Эгер маяна долбоорунун алкагында банктын кардары болсоңуз, жол-жобосу болушунча жеңил жана ыкчам жүрөт. Каражатты каалаган убакта пайдалана аласыз. Товар же кызмат акысын, ошондой эле салык же айып пул төлөөгө чамаңыз жетпей турганда насыялык карта абдан ыңгайлуу жардам. Накталай эмес төлөө мүмкүн болгон бардык жерде жана каалаган убакта колдонууга болот.
Жеңилдетилген мөөнөт бар. Ар бир кредиттик картага мөөнөт коюлат, ал убакыт аралыгында пайдаланган каражатты пайыздык үстөксүз банкка кайтара аласыз. Айрым учурларда банк карта ээсине ыңгайлуу убакытты белгилеп бериши мүмкүн. Мындайда төлөмдөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү да жок эмес.Толуктоо ыңгайлуу. Акча ар кыл ыкмалар менен: интернет-банкинг, мобилдик банкинг, терминалдык тейлөө, банкомат жана банктын кассалары аркылуу толукталат.
Жеңилдетилген мөөнөт аяктаган соң каражат (насыя) кайтарылбаса айып салынат. Эгер кандайдыр бир себептер менен эсепке картадан алынган каражатты кайтара албай калсаңыз, комиссия төлөөгө гана кептебестен, насыялык таржымалыңызга да терс таасир этет.
Эгер бир айлык кирешеңиз картаңыздын лимитинен көп деле ашпаса, маянаңызды банкка болгон карызыңызды жабууга которуп коюп, кур жалак каласыз. Кайрадан насыялык картадан каражат сарптоого туура келет.
Насыялык карталар негизинен накталай эмес төлөмдөр үчүн каралган. Банкоматтан накталай ала албайсыз, бардык операциялар төлөм тарыхына катталат. Банк мындай картадан накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берген учурларда деле комиссия түрүндө кошумча чыгымдары болот. Пайыздык үстөктөрдүн айынан бул карта ээсине деле пайдасыз.
Насыялык карта ачууну чечкениңизде каржылык шартыңызды калчаңыз, картаны пайдалануунун канчалык максаттуу экенин аныктаңыз. Насыяны жана анын пайыздарын жабуу үчүн күнүмдүк киреше жана чыгымдарды эске алуу, банк тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөө абзел. Өлкөдө иш алпарган банктардын насыялык карталарынын шарттарын карап чыгалы.
Чени — 0 же жылдык 28 пайыз. Кардардын тандоосуна төмөнкү тартипте сунушталат:
Насыялык карталарды маяналык долбоордун кызматкерлери да, банктын башка кардарлары да ала алышат.
Насыялык лимиттин өлчөмү:
Насыялык картаны маяналык долбоордун кардарлары, ошондой эле банкта аманат сактаган жарандар гана алышат.
Шарттары:
Насыялык картага соңку алты ай аралыгындагы туруктуу иши бар, ошондой эле патент же күбөлүк менен иштеген, туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер (насыя картаны алууга тапшырык берилгенге чейин жарым жыл үзгүлтүк иш алпарган).
Шарттары:
Насыя картасын маяналык долбоордун кызматкерлери да, айлык акы же кирешесин тастыктаган башка кардарлар жана жеке ишкерлер да ала алышат.
Шарттары:
Жеке жактар да, жеке ишкерлер да насыялык картага ээ боло алышат.
Шарттары:
Жогоруда тизмектелген банктардын айрымдарында насыялык карта менен төлөөдө ар кыл дүкөндөрдө арзандатуулар каралган. Бул карталар туурасында толук маалымат алуу үчүн банктардын өздөрүнө кайрылуу кажет.
Насыя карталарын пайдалануунун туура же натууралыгы боюнча психолог Леонид Соболевге кайрылдык.
"Насыя — бул жакшы да, жаман да эмес көрүнүш. Бул – алыс кете алгыс учурдун чындыгы. Өз мүмкүнчүлүгүн баамдай албастан үстөккө-босток насыя ала берип, карызга батып калган кардарларым болгон. Натыйжада карыз өсүп кетет...
Адамдар алына карабай насыя алып, той өткөрүшөт. Баары эл көзүнө "эл эмне дейт?" деген ой менен жасалат. Насыя – карызга жашоо экенин алар дайым түшүнө беришпейт", — дейт Соболев.
Ошону менен бирге эле ал ар кандай жагдай болорун, кээде насыя да зарыл экенин белгилейт. Психолог каржылык мекемесинен карыз алуудан оболу айрым жактарын эске алууга кеңеш берет:
Адам өз муктаждыктарын канааттандыруу үчүн каалаган убакта насыя ала аларын билет, жеке чыгымдарын көзөмөлдөөнү, каржыны колдонууну унутат", — деп белгилейт Соболев. Анын айтымында, насыянын негизги кемчилиги – "адам өзүн чектей албай калат".
"Насыя "куткаруучу ыкма" катары болуп калат, болбосо ага сатып алчу айрым буюмду айлык колго тийген кезде деле алууга болот", — деп түшүндүрдү психолог.
Каржылык серепчилер дайым ар бир адам өз "каржылык коопсуздук жаздыкчасын" түзүп алуу керектигин белгилешет. Ал эмнеге зарыл жана кантип топтоо керектигин Sputnik Кыргызстандын башка бир материалынан окуңуздар.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.