БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жыйында айтканын өкмөт билдирди.
Өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы жана 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо маселеси талкууланган.
"Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди оңдоо менен күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында башкы милдеттердин бири Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл", — деди премьер-министр.
Ошондой эле электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл экенин белгилеген. Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдарга сууну үнөмдөө максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керектигин айткан.
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түзөт, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 миллиардга аз.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.
8-апрелге карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 47,94 сомду түзүп, өткөн айдын ушул күнүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.
Ал эми минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литри 46,40 сом), Балыкчы (46,70 сом) жана Чаек айылында (46,90 сом) катталды.
Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 44,70 сомдон тарта 47,83 сомго чейин алууда.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын алтын запасы март айында 149,7 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта жазылган.
Февралдын аягында алтын жана валютанын запасы 2 миллиард 672,8 миллион долларды түзгөн. Марттын аягында ал кыскарып, 2 миллиард 523,1 миллионго түшкөн.Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында алтын-валюта резервинин көлөмү тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард доллардан ашкан. Бирок кийин ай сайын кыскаруу байкалган. Резервдин көлөмү азыркы көрсөткүчтөн да төмөн түшкөн учур өткөн жылдын апрелинде катталган.
Эске салсак, мартта өлкөнүн башкы банкы 74,3 миллион доллар саткан. Лондондун баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча нарк февралдын аягынан марттын соңуна чейин 51,8 долларга арзандап, 1 691и түздү.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.