Улуттук банк ири интервенция жасап, 50 млн. доллар сатты

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Жыл башынан бери Улуттук банк беш ирет валюталык интервенция жасап, үч айдын ичинде 208,2 миллион доллар сатылды.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 1-апрелде 50,2 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылат.
Анда 2010-жылкы интервенция тууралуу маалымат дагы бар. Аны менен салыштырганда кечээ ири суммада валюта сатылганын көрүүгө болот.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи ирет валюталык интервенция жасоодо.
28-январда банк 45,7 миллион доллар саткан;
  • 4-февралда — 38 миллион;
  • 11-мартта — 30,6 миллион;
  • 25-марта — 43,7 миллион доллар саткан.
Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алчу курсу 4 тыйынга (84,72 сомго чейин) түшсө, сатуу мурдагы эле баада ( 84,9) калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0