Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты

Жапаров фермерлерге арзан кредиттин жеткиликтүүлүгүн жеке көзөмөлүнө алды

(жаңыланган 20:47 03.04.2021)
Жапаров чакан жана орто бизнеске дем берүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн жеңилдетилген ставка менен узак мөөнөттүү пайызсыз насыяларды берүү пландаштырылып жатканын айткан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров ознакомился с проектом по строительству промышленных, торговых и логистических предприятий в городе Баткен
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров ознакомился с проектом по строительству промышленных, торговых и логистических предприятий в городе Баткен
    Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп, элди кызыктырган суроолорго жооп берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Проект по строительству промышленных, торговых и логистических предприятий в городе Баткен
    Президент жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алганын белгилеген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусунун Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп, элди кызыктырган суроолорго жооп берген

Президент жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алганын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө өнөр жай аймагына жаңы ишканаларды ачуу үчүн 19 жеке ишкерден арыз келип түшкөн. Жакынкы жылдары 28 жаңы ишкана ачуу пландаштырылууда, анда эки миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Учурда жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө жана текстиль фабрикасы, өрүктү кайра иштетүүчү фабрика, касапкана, 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин курулушу жүрүп жатат.

Жакынкы айларда дагы бир нече ишкананын курулушу башталат. 2021-жылдын соңуна чейин пахта майын жана желим идиштерди өндүрүүчү цех, сүттү кайра иштетүүчү завод, биогумус өндүрө турган ишкана куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда", — деп айтылат маалымат кызматтын билдирүүсүндө.

Баткен шаардык мэриясы өнөр жай зонасына электр кубаты жана суу менен камсыздоо түйүндөрүн жеткирүү, ошондой эле жол салуу менен коммуникация маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгы белгиленди.

Жапаров чакан жана орто бизнеске дем берүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн жеңилдетилген ставка менен узак мөөнөттүү пайызсыз насыяларды берүү пландаштырылып жатканын айткан. Ал ошондой эле жергиликтүү бийликке жерди трансформациялоо укугун өткөрүп берүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди, жергиликтүү бийликке бул багытта ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн кошумчалаган.

Белгилер:
кредит, айыл чарба, президент, Садыр Жапаров
Тема боюнча
КРде микрокредит алгандардын саны дагы көбөйдү. Эл акчаны эмнеге жумшайт
Өкмөт быйыл дыйкандарга 314 млн. сом жеңилдетилген насыя берди
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:22 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Президент Ассоциации курортов Кыргызстана Лира Батырбекова
© Фото / пресс-служба правительства КР
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийдин директору Лира Батырбекова
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр