Кыргыз бийлиги COVID менен күрөшүүгө 2,4 млрд. сом камдап жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Өкмөт COVID менен күрөшүүгө донорлордон каражат тартуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырма бергени белгиленет.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Быйыл коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом каралууда. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал өтө курчуп кеткен учурда каржылоо бөлүгүнө киргизилген.
"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык мекемелердин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймакка тартылган жарандарга компенсация төлөө үчүн 500 миллион сом каралды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн эл аралык донорлорго кайрылып жатканын белгилейт. Өкмөт коронавирус менен күрөшүүгө донорлордон каражат тартуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берилгени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0