Күйүүчү май өлкөнүн кайсы аймагында баарынан кымбат сатылууда. Статистика

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМай күйүүчү жайы. Архив
Май күйүүчү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май кымбаттап жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга дүйнөлүк рыноктогу баалардын көтөрүлүшү себеп болуп жатканын айтып келет.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.
8-апрелге карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 47,94 сомду түзүп, өткөн айдын ушул күнүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.
Күйүүчү май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Өлкөдө бензин кымбаттоодо. Май эмнеге Казакстан, Азербайжандан ташылбайт
Ошол эле учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо  көрсөткүчтөн Баткен (бир литри 51,22 сом), Исфана (50,91 сом), Кара-Суу, Ноокат (48,70 сом) шаарларында жогору болуп турат.
Ал эми минималдуу баалар Нарын шаарында (бир литри 46,40 сом), Балыкчы (46,70 сом) жана Чаек айылында (46,90 сом) катталды.
Дизель майы дагы өлкөнүн ошол эле түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 44,70 сомдон тарта 47,83 сомго чейин алууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0