Кыргызстанда акыркы үч күндө бензин дагы кымбаттады

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASУнаага май куюу. Архив
Унаага май куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Апрель айынын ичинде бензин алты, дизель майы тогуз пайызга өскөн. Божомолдор боюнча баа дагы өсөт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бааларды анализдеп көргөндөн кийин май куюучу жайлардын биринде бензиндин баасы кымбаттап кеткенин байкоого болот.
Бейшемби, 8-апрель күнү, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 46,9, ал эми АИ-95 үлгүсү 48,9 сом турган. Эми 0,6 сомго кымбаттап 47,5 жана 49,5 сомдон сатылып жатат. Дизелдик майдын баасы ошол бойдон.
Быйыл күйүүчү май кымбаттагандан кымбаттап бара жатат. Божомол боюнча баа дагы өсөт.
"Апрель айынын ичинде бензин алты, дизель майы тогуз пайызга кымбатташы мүмкүн", — дешти Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан.
Буга мунайдын кымбаттап кеткени себеп болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0