Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив
Көп кабаттуу үйдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда батир сатып алып, аны кийин ижарага берүү менен пайда табуу жолу бар. Sputnik Кыргызстандын редакциясы салымдын бул түрүнүн артыкчылык-кемчилигин карап көрдү.
Үстүңдө үйүң болгонуна не жетсин! Бул ойго кошулбагандар чанда чыгар. Конуштуу болгон киши батирден-батирге көчмөйдөн же туугандардыкында батышып баш калкалагандан кутулат .
Там-таштуу болуунун айласын издеп көпчүлүк карызга батып же ипотека алат. Бирок биз бул материалыбызда кыймылсыз мүлккө байланышкан башка бир жагдайга токтолууну чечтик: өлкөдө турак жайга салым салуу менен пайда табууга болобу?

Артыкчылыгы

Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова борбор шаардан батир сатып алуу инвестициялоонун бир түрү экенин айтат. Мисалы, ал банкта депозит кармагандан көрө ушул вариантка көбүрөөк ыктайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова
Директор агентства недвижимости Елена Гононова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин жетекчиси Елена Гононова
"Банктын иши токтоп калышы ыктымал, бир топ мезгилден бери мындай көрүнүш кайталана элек деңизчи. Бирок андай болуп калса, сизге салымыңыздын бир бөлүгү гана кайтарылат (200 миң сомго чейинки гана аманаттар — ред.)", — деди ал.
Дагы бир жакшы жагы — уттурбайсыз, баа дээрлик түшпөйт. Сатып алган убактагы эле каражатты кайра чыгарып алууга болот.
"2014-жылдан бери доллар менен бычылган баа өзгөргөн деле жок. Башкача айтканда 2014-жылы сатып алынган батирди азыр деле ошол акчага сатууга болот. Наркында азыраак өзгөрүү байкалат. Андан бери эконом-класстагы үйлөр кымбаттады. Анткени аларга талап чоң. Элиталык турак жайлардын баасы бир аз арзандай түштү", — деп түшүндүрдү Гононова.

Кошумча вариант

Ашыкча кыймылсыз мүлкүңүз зарыл учурда сизге запастык вариант болуп бериши мүмкүн (жашап турган үйүңүз табигый кырсык же дагы бир көйгөйлөрдөн улам бузулса же карызыңыз үчүн алдырып жиберсеңиз). Балдарыңыз үйлөнгөндө бөлүп койсоңуз да ажеп эмес. Ошондой эле акчага зарыгып калсаңыз күрөөгө кое турууга да батир дурус вариант.

Туруктуу киреше

Ижарага берсеңиз ай сайын кошумча киреше алууга болот. Шартыңызга жараша керектеп же дагы бир башка ишке салым салууга жарайт. Кокус жумуштан кетип же башка киреше булагынан ажырап калган убакта кыймылсыз мүлк жагдай жайгарылганга дейре кыйналбай жашап турууга көмөкчү болот.
Эми бул багыттын кемчиликтерине токтололу. Алардын айрымдары артыкчылыктарынын дал карама-каршысы.

Салыктар

Турак жайды ижарага берүүдө патент сатып алууга туура келет. Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында Бишкек шаары боюнча бир айлык чендер төмөнкүчө көрсөтүлгөн:
  • Калаанын чордонундагы бир бөлмөгө — 1500 сом. Бөлмөгө улам 500 сомдон кошулуп отурат. Мисалы, эки бөлмөгө – 2000 миң сом, үч бөлмөлүү батирге – 2500 сом;
  • Турак жай аймактары, жаңы конуштарда — бир бөлмөгө 500 сом, улам бир бөлмөгө 300 сомдон кошулат;
  • Бишкектин калган райондорундагы батирлер — бир бөлмөгө 800 сом, улам кийинкисине 400 сомдон кошулат.

Өзүн актоо мөөнөтү

Ижарага берилген турак жайдын өзүн-өзү акташы бир топ убакытты алат. Маселен, Бишкектеги бир бөлмөлүү батир кеминде эле 20-25 миң долларга келсе, анын ижара акысы 200 доллардан азыраак. Башкача айтканда ал өзүн эң аз дегенде 10 жылда барып актайт.
Смартфон жана банктык карталар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Кыргызстандагы кайсы банктарда мобилдик банкинг бар? Оң жана терс жактары
Ижарачылар ынанымсыз чыгышы ыктымал
Кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдө кардарлар ар кыл, анын ичинде, тилекке каршы, жоопкерчиликсиз да болушу мүмкүн экенин эске алуу абзел. Убагында акыны бербей, ижара да, коммуналдык кызмат акыларын да төлөбөй кетип же мүлкүңүзгө сиз күткөндөй кылдат мамиле кылбаганы да четтен чыгат. Ошондой эле батирди ижарага берүүнүн — ижарачыларды издөө, аларга батирди көрсөтүп, коммуналдык тейлөө акыларынын төлөнүшүн көзөмөлдөө жана башка машакаты да арбын.
Кээде берилбей туруп да калат. Бирок анткен күндө да коммуналдык кызмат үчүн үзгүлтүксүз төлөөгө тийишсиз. Башкача айтканда, кыймылсыз мүлк кошумча киреше каражатынан айрым убакта дагы бир чыгым агымына айланышы ыктымал.

Акчага айлантууга убакыт керек

Бир жакка салым салууда каалаган убакта сатып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурушат. Бирок батирди акчага айлантуу дайым эле тез ишке аша бербейт. Кээде шашылыш сатууда акча да жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби андайда бааны түшүрүүгө туура келет эмеспи.
Кайсы багытка салым салууну, албетте, өзүңүз гана чечесиз. Бирок алгач дайым артыкчылык жана кемчиликтерин салмактап алууга чакырар элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0