Жүк ташыган унааларга навигация системасын киргизген оператор тандалып жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Пломба бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо иши уланууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Негизи улуттук операторду тандоо боюнча тендер үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле жарыяланган. Бирок өкмөт кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу конкурстук комиссиянын курамы өзгөрүп, токтотулган.
"Конкурстук комиссия башталган ишти улантат жана келип түшкөн арыздарды ачып, карай баштайт. Тандалган бирдиктүү Улуттук оператор үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодадагы, ошондой эле Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы ички соодадагы ташууларга байкоо жүргүзөт. Тендер аяктагандан кийин экинчи кварталдын ичинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташуу боюнча пилоттук долбоорду баштоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Пломбанын жардамы менен бардык кызыкдар тараптар ташылып бара жаткан жүккө байкоо жүргүзө алышат. Ошондой эле бажылык мыйзам бузууларды азайтып, текшерүү жүргүзүү учурунда адамдык факторду, кошумча текшерүүлөрдү азайтат. Мындан улам жүктү жеткирүү убактысы кыскарат.
Жаңылыктар түрмөгү
0