Казакстан менен Кыргызстандын товар айлантуусу эки айда 109 млн. долларга жетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2021-жылдын алгачкы эки айында 109,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Январь, февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 109,8 миллион долларды түздү. Бирок бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөн", — деп айтылат кабарда.
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.
Коңшу өлкө биримдикке кирген өлкөлөр менен эки ай ичинде 3 миллиард долларлык соода кылган. Алдыңкы орунда 2,7 миллиард доллар менен Россия турат. Андан кийин Беларусь (112,4 миллион доллар), Кыргызстан (109,8 миллион доллар) жана Армения (2,3 миллион доллар) жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0