Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо

© AFP / ROBERTO SCHMIDTЖогорку чыңалуудагы электр чубалгылары. Архив
Жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Өлкө башчы электр кубатына тарифти үч башка нарк менен кароону сунуштап жатат. Муну ал элдин жашоо-шартынын ар кыл категориясы боюнча түшүндүрүүгө аракет кылууда.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров калк үчүн электр энергияга 700 кВт/с лимитти алып салуу маселесин карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 21-апрелде, энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушуу учурунда айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров электр кубатына тарифти үч башка нарк менен кароону сунуштап жатат.
Президенттин айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлө жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.
Жапаровдун сунушу:
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
  • жашоо-шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
  • жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
  • суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.
"Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Бүгүн суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушундай кылганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз", — деген президент.
Эске салсак, Жапаров президенттин милдетин аткарып турган ноябрь айында эл менен жолугуп жатып электр кубатына болгон чектөөнү 2021-жылдын май айынан тарта алып салууга убада берген.
Акча жана лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жапаров айткан тариф боюнча жарык үчүн канча төлөйсүз? Калькулятор
"Электр энергиясына болгон чектөөлөрдү алып койсок болот, бирок жаздан тарта. Албетте, азыр деле алсак болот, бирок анда баарыңар электр энергиясы менен жылытууга өтөсүңөр дагы трансформаторлор көтөрө албай калат. Муну адистер айтышты. Андыктан жазга чейин чыдагыла, 30 жыл чыдап келген бир аз чыдап бергиле”, — деген ал.
Кыргызстанда учурда калк үчүн бирдиктүү 700 кВт/с лимит бекитилген. Анын алкагында электр кубатынын бир киловатт сааты 77 тыйын, ал эми андан ашып кетсе 2 сом 16 тыйын турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0