Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

168
(жаңыланган 16:22 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Президент Ассоциации курортов Кыргызстана Лира Батырбекова
© Фото / пресс-служба правительства КР
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийдин директору Лира Батырбекова
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

168
Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2712)
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр
Кумтөр алтын кени. Архив

Таң калып турабыз. Канада бийлиги "Кумтөр" чыры боюнча билдирүү жасады

106
(жаңыланган 10:14 18.05.2021)
Канадалык аткаминерлер тоо кен тармагындагы талаштуу иштер кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт деген оюн айтышкан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын Кыргызстандагы тоо кен тармагындагы акыркы окуяларга тынчсызданганын айтып, биргелешкен билдирүү жасашты.

"Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында "Центерра Голдго" көзөмөл жүргүзүү үчүн "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы боюнча билдирүүгө таңданып турабыз. Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал", — деп айтылган алар тараткан маалыматта.

Канада "чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданганын" да билдиришкен.

"COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми 17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

106
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди
Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Алтын куймалары. Архив

Жыл башынан бери алтын экспорттоо 1,7 тоннага кыскарды. Статистика

21
2021-жылдын январь-март айларында 140,3 миллион долларга бааланган алтын экспорттолгон. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 212,9 миллион долларга жеткен.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан алтын экспорттоонун көлөмү былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1,7 тоннага кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Тагыраагы, 2021-жылдын январь-март айларында 140,3 миллион долларга бааланган 2 тонна 448,9 килограмм алтын сатылган. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4 тонна 183,9 килограммга (212,9 миллион доллар) жеткен.

Быйыл алтын өндүрүү кыскарарын адистер 2020-жылы эле божомолдошкон. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул жылы Кумтөрдө казылган алтындын көлөмү 4,3 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатат. Буга негизинен казуу иштери алтын азыраак зонага жеткени себеп болору айтылууда.

Ведомство өлкөдөгү ири кенде 2021-жылы жалпысынан 16 тоннанын тегерегинде алтын казылат деп божомолдоодо. Бирок буга чейин "Кумтөр Голд Компани" баалуу металл андан дагы азыраак (14,62ден 15,86 тоннага чейин) болорун айткан.

21
Белгилер:
экспорт, алтын, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү
Мурунку 4 президенттин тушунда Centerra канча алтын ташып кеткени айтылды
Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

Токтогулда Volvo унаасы өрттөнүп, чиркегичиндеги ун жарабай калды. Сүрөт

0
(жаңыланган 11:01 18.05.2021)
Оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин каркасы эле калган, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • На месте пожара в большегрузной машине на 219-м км автодороги Бишкек — Ош
    Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • На месте пожара в большегрузной машине на 219-м км автодороги Бишкек — Ош
    Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи толугу менен күйүп, жүктөп келе жаткан уну жарабай калган.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС
Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 219-чакырымында болгон. Анда Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи толугу менен күйүп, жүктөп келе жаткан уну жарабай калган.

ӨКМ тараткан сүрөттөн чиркегичтин каркасы эле калганын, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

Өрттүн себеби такталууда.

0
Белгилер:
ун, өрт, жол, унаа, Токтогул, ӨКМ
Тема боюнча
Кабинанын темири эле калган. Сузакта май ташыган автоунаа өрттөндү. Видео