Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүАсфальт чыгаруучу завод. Архив
Асфальт чыгаруучу завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Шаар башчысы каражаттын көпчүлүк бөлүгү асфальт сатып алууга кетип жаткандыктан завод куруу муктаждыгы жаралганын айткан.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүн оңдоо иштери менен таанышуу учурунда заводдун курулушу кийинки жылга пландалып жатканын айткан.
"Муниципалдык ишканаларды техника менен камсыздап жатабыз. Быйыл шаардык жол башкармалыгына асфальттоочу жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттын басымдуу бөлүгү асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан кийинки жылдан тарта өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөбүз", — деди Сарыбашов.
Ошондой эле ал шаардын негизги да, ички да жолдорунун абалы начар экенин моюндаган. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорго асфальт төшөлөрү маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0