Кен казуу иштери. Архив

ЕАЭБ тоо-кен тармагын толугу менен санариптештирүүнү пландап жатат

38
Көпчүлүк адистерди кен иштетүүдөн кийинки таштандыны жок кылуу боюнча жаңы технологиялар жана металл иштетүүдө 3D-принтерди пайдалануу идеясы кызыктырып жатат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттерде тоо-кен жана металл иштетүү тармагын толугу менен санариптештирип, инновациялык технологияларды киргизүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын металлургия темасына арналган жыйынында сөз болду.

ЕЭКтин өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камаляндын айтымында, тармактагы процесстерди автоматташтыруу — бир гана замандын талабы болбостон, тышкы рыноктогу атаандаштарга туруштук бере турган курал.

"Көпчүлүк адистерди кен иштетүүдөн кийинки таштандыларды жок кылуу боюнча жаңы технологиялар, ошондой эле металл иштетүүдө 3D-принтерди пайдалануу идеясы кызыктырып жатат", — деди Камалян.

Жыйынтыгында ЕАЭБдин тоо-кен жана металл иштетүү тармагын инновациялык жактан өнүктүрүү боюнча бирдиктүү концепция иштеп чыгып, жаңы технологиялардын реестрин түзүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, тоо-кен жааты Кыргызстан экономикасында өтө маанилүү тармактардын бири.

38
Белгилер:
экономика, металл, тоо-кен, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (257)
Тема боюнча
Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?
Адис: Кыргызстанда уранды чалгындоого тыюу салган мыйзам — караңгылык
Сугат каналдарынын курулушу. Архив

Сугат суу айыл чарбадагы көйгөйлөрдүн бири. Талкуудагы мыйзам долбоору

29
(жаңыланган 20:14 18.05.2021)
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, тиешелүү реформа жүрбөсө каналдар калыбына келтирилбейт, ал эми дыйкандардын түшүмүнөн кол жууганы улана берет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ички чарбалык ирригациялык тутумдардагы ирригация чөйрөсүндө, сууну пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилик зонасында экономикалык туруктуу шарттарды түзүү максатында бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Анда Суу кодексине, Эреже бузуулар жөнүндө кодекске, Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керек эле.

Айыл, суу чарба жана региондорду ѳнүктүрүү министрлигиндеги тегерек столдо кызуу талкуудан кийин учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору министрлик тарабынан колдоого алынды.

"Ички чарбалык ирригациялык тармакты куруу, оңдоо, колдонуу, жана сугат акысын топтоо мамлекет тарабынан тейленбейт. Андыктан сунушталган мыйзам ѳтѳ зарыл, ал коомдук талкуудан ѳтүшү керек. Биздин дыйкандар менен суу пайдалануучулар үчүн ѳтѳ керектүү мыйзам болот деп ойлойбуз", — деди айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов.

Өлкөдөгү жалпы сугат аянтынын 73 пайызын түзгөн 750 миң гектар жерди сугарууга жоопкер болгон Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) ишмердүүлүгү учурда реформага муктаж экендиги айтылды. СПАлар — коомдук жеке уюмдар, учурда Дүйнөлүк банктан келген насыяны жабууга талап кылынган сумманын 17 пайыздан ашпаганын гана төлөй алышкан.

Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин СПАларды колдоо жана ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Абдубалы Кадырбековдун айтымында, 2000-жылдан бери өлкө боюнча 496 СПА пайда болсо, болгону 136 СПАда донорлор аркылуу реабилитация жүргөн.

"Эки жылдан бери талкуу кылып жүрдүк, көйгөй бар. Дотациядан чыгып калган айыл ѳкмѳттѳрү деле ички чарбалык каналды оңдоого бюджеттен каржы бѳлѳйүн десе мыйзам жол бербейт. Айрымдары ушул боюнча суракта жүрѳт. Бардыгын мыйзамдаштырып, СПАлардын ишин жакшыртууга жол ачып берүү маанилүү. Анан СПАларга субсидия берүү жагын чечишибиз керек", — деди Кадырбеков.

Мырза-Суу СПАсын үч жылдан бери жетектеп келген Рахман Жороев өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, насыяны төлөө, сууну жеткирүү, төлөмдөрдү чогултуудагы кыйынчылыктарын айтып берди.

"Сууну аягына чейин жеткире албайбыз. Биздин СПА туруктуу иштейт, бухгалтериябыз бар, жылдык пландарды түзѳбүз. Бюджетибиз 453 миң сом, бирок анын 70 пайызы гана ѳнѳт. Мунун айынан пландарыбыз аткарылбай калат. Жамгыр жаабай турса экен деп жылда тилейм, себеби бизге өтүп кеткен сел каналды жууп кетет. ӨКМ, айыл ѳкмѳттөр биздин балансыбызда болгону үчүн жардам бере албайт. Айылыбыздын 300-400 гектарына суу жетмеги азап, андыктан дыйкандар сугат суу төлөмүн бербейт. Өзүнө суу жеткире албагандан кийин аларга чара да колдоно албайсың. Кѳрүнгѳндѳн карызга акча алабыз. Ушул көйгөйлөрдөн чыгыш үчүн мыйзам долбоору ѳтүп калса, маселелер чечилет эле деп ойлоймун", — деди Жороев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, дал ушул ички чарбалык сугат каналдарын каржылоо булактарын кеңейтүү — негизги реформалардын бири. Мындай өзгөрүүлөр болбосо, сугат суунун жоготуулары азайбайт, каналдар калыбына келтирилбейт, дыйкандар түшүмүн жоготууну улантышат жана сугат кызматы үчүн акы толук чогулбай кала берет.

29
Белгилер:
мыйзам долбоору, ирригация, суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Алакунов: пестициддердин 85 пайызы Кытайдан алып келинет
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео
Кумтөрдүн убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү менен жамааттыктын таанышуусу

"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт

187
(жаңыланган 19:35 18.05.2021)
Өкмөт башчы кендеги иш токтотулбай турганын жана кызматкерлердин айлыгы маалында берилерин белгилеген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКнын жамаатына ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

  • Председатель Кабинета Министров КР Улукбек Марипов представил временного внешнего управляющего Тенгиза Болтурука коллективу рудника Кумтор
    Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКнын жамаатына ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Сотрудники во время представления временного внешнего управляющего коллективу рудника Кумтор
    Өкмөттүн маалыматы боюнча, Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы менен дайындалган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Сотрудники во время представления временного внешнего управляющего коллективу рудника Кумтор
    Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында "Кумтөрдү" тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКнын жамаатына ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы менен дайындалган.

"Кендеги иш токтотулбайт, жумуш штаттык режимде уланат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар болбойт. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу", — деп Марипов билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында "Кумтөрдү" тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган. Жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканы айтылган.

187
Белгилер:
Улукбек Марипов, Теңиз Бөлтүрүк, Кумтөр, Кыргызстан
Тема боюнча
Centerra менен соттошууга жардамдашчу АКШ менен Канада компаниялары. Дайын-дареги
Шыкмаматов: "Кумтөр" маселесин цивилизациялык жол менен чечебиз
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

0
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

0
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу