Долларлык банкноталар. Архив

Өкмөт эки күндөн кийин кол жуумак. 50 млн. доллар грантты алууга кол коюлду

249
(жаңыланган 18:26 28.04.2021)
Бүгүн эртең менен депутат Нурбек Алимбеков өкмөт бир айдан бери грантты алууга макулдук бербей жатканын айтып, эки күндөн кийин кол жууп каларын эскерткен.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын алууга макулдук берди. Бул туурасында биринчи вице-премьер Артем Новиков парламенттин жыйынында билдирди.

Ал бүгүн Экономика жана финансы министрлиги аталган грантты алуу боюнча документке кол коюп, Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна макулдук катын жөнөткөнүн айтты.

Андан соң төрага Талант Мамытов бардык министрлердин кол койгон-койбогону боюнча сураганда Новиков "маселе болбойт, чечилди" деп жооп берди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Жашыл климат фондунун эсебинен Кыргызстанга жардам катары 50 миллион грант берүү чечимин кабыл алганын айткан. Бирок бир айдан бери өкмөт аны алууга макулдук бербей жатканына нааразы болгон. Бул грантты сомго которсо 4 миллиард 250 миллион сом болот.

Каражаттын 22 миллион доллары айыл чарбасын колдоого, калганы климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алдын алуу иштерине, энергетика тармагына жумшалмак.

Депутат мындай багыттагы грантты 100 миллион доллар өлчөмүндө коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү алганын белгилеген.

249
Белгилер:
Артем Новиков, грант, Кыргызстан, өкмөт
Тема боюнча
Ноокат шаарына таза суу киргизүү үчүн чет жактан 4,8 млн. евро алынууда
Акча каражаттары. Архив

Сом КМШда эң кооз валюта болуп саналат. Адис кыргыз акчанын өзгөчөлүктөрүн айтты

56
Кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду. Бул аралыкта ал бир нече эл аралык сынактарда жеңүүчү болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз сомунун башкалардан кандай өзгөчөлүктөрү бар? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын накталай акча жана адистик бөлүмүнүн башчысы Дана Сайфуллина айтып берди.

Эске салсак, кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду.

"2009-жылы чыккан төртүнчү сериядагы банкноталардын ар бири кайталангыс өңгө ээ. Ар биринде өзүнө гана тиешелүү ачык түс бар. Бул акчаны эске тутуп калууга шарт түзөт жана көрүүсү начар адамдарга бир топ жеңилдиктерди берет", — деди адис.

Анын айтымында, учурда кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкноталардын бири болуп эсептелет.

"2009-жылы чыккан 5000 сом номиналындагы банкнота "Жылдын банкнотасы" аттуу ири эл аралык сынакта финалга чейин жеткен. Бул акчанын коргоо деңгээли жана дизайны каралчу жыл сайын өтө турчу сынак. Ал эми 100 сомдук КМШ боюнча адистер арасында өткөн сурамжылоодо сапаты боюнча экинчи орунду алган. Адистер 50 доллар, 50 евро жана 1 миң рублдин сапатын сынашкан. 2 миң сомдук “Аймактагы мыкты банкнота 2018” эл аралык сынагында КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин ичинен жеңүүчү болгон”, — деди ал.

Ошондой эле адис акча өлкө тарыхынын маанилүү бир бөлүгү экенин кошумчалады.

56
Белгилер:
тарых, факты, сом, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
АКШ долларларын санап жаткан акча алмаштыруу жайынын кызматкери. Архив

Улуттук банк доллар эмнеге арзандап жатканын түшүндүрдү

1275
Кыргызстанда көп убакыт бою доллардын баасы 84,9 сом деңгээлинде кармалып турду. Бирок өткөн жумада америкалык валюта арзандай баштады.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Сомго болгон талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу улуттук валютанын баасы долларга карата бекемделе баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Сомдун сатылышы көп убакыт бою 84,9 болуп кармалып турду. Бирок өткөн жумада доллар 84,6га түшүп, кайра 84,7-84,8 сомго көтөрүлдү. Sputnik Кыргызстан агенттиги башкы банкка кайрылып, доллардын арзандашына эмне себеп болгонун билип көрдү.

"Сомдун долларга карата бекемделишинин биринчи себеби ага болгон керектөөнүн өсүшүнөн кабар берет. Мындан тышкары, валютанын олку-солку болушуна ички рыноктун катышуучуларынын эл аралык финансы жана сырье рынокторундагы өзгөрүүлөргө байкоо салып күтүп жатканы дагы себеп болушу мүмкүн", — дешти башкы банктан.

Улуттук банктан белгилешкендей, учурда валюта рыногундагы абал туруктуу. 2021-жылдын башынан 10-майга чейинки доллардын курсу сомго карата 1,52 сомго, башкача айтканда, 83,50 сомдон 84,77 сомго өскөн.

Жыл башынан бери Улуттук банк алты жолу интервенция жасап, 270,45 миллион доллар сатты.

1275
Белгилер:
доллар, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Чет элдик валюталар арзандап, алтын кымбаттады. Күйүүчү май боюнча абал кандай

Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды

0
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) расмий YouTube каналына апрель айындагы беттештерде мөөнөтүнөн мурда болгон жеңиштерди жарыялады.

Тандалгандардын көпчүлүгүндө мушкерлер биринчи эле раундда жыга чаап, сулата тээп жеңишке жетишкен. Тизмеге монгол мушкери Данаа Батгерелдин, америкалык атлеттер Крис Кертис, Рональд Дунлап жана Терренс Маккиннинин кармаштары киргизилди.

Терренс атаандашын 17 секундада уткан. Адегенде атаандашын тебем деп кулап, кайра турган. Кийин бутуна кирип жерге жыгып, ордунан тургузбай сабап салган. Калыс кийлигишип беттеш токтотулган.

0
Белгилер:
жеңиш, беттешүү, нокаут, UFC
Тема боюнча
UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео