Бал. Архивдик сүрөт

Кыргыз балына кызыккан чет элдиктер көбөйүп, экспорттун көлөмү эселеп өстү

107
(жаңыланган 09:58 03.05.2021)
Экспорттоонун көлөмү негизинен араб өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн балдын эсебинен өскөн. Мисалы, Кувейт мурда 2,6 тонна алса, быйыл 28,5 тоннага жеткирди.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 122,4 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жалпысынан бул товар 450 миң долларга сатылды.

Сатып алган өлкөлөр:

  • Сауд Аравиясы — 34,8 (бул жерде жана мындан ары тонна);
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 30,3;
  • Кувейт — 28,5;
  • АКШ — 12,2;
  • Франция — 5,8;
  • Япония — 2,2;
  • Катар — 4,1;
  • Иордания — 2,1;
  • Бахрейн — 1,5;
  • Казакстан — 0,4;
  • Түштүк Корея — 0,2;
  • Малайзия — 0,1;
  • Улуу Британия — 0,1;
  • Аты белгисиз мамлекет — 0,1.

Былтыркы жылдын ушул убагында 59,8 тонна бал 204 миң долларга сатылган.

Экспорттоонун көлөмү негизинен араб өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн балдын эсебинен өскөн. Мисалы, Кувейт мурда 2,6 тонна алса, быйыл экспорттун көлөмүн 28,5 тоннага жеткирген. Анткен менен айрым мамлекеттер азыраак алган же такыр эле баш тарткан. Башкача айтканда былтыр ушул убакта 10 тоннага чукул бал сатып алган Тайвань быйыл бир дагы килограмм алган эмес.

107
Белгилер:
өндүрүш, экспорт, бал, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан былтыр 500 тонна бал саткан. Экспорттолгон мамлекеттер
Кубат кызы: өлкөдө бал аарычылык боюнча адистер жокко эсе
Бир миң сомдук купюрасы. Иллюстративдик сүрөт

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан дагы 2 млрд. сом өндүрүүнү чечти

31
(жаңыланган 21:45 14.05.2021)
Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болот. Буга чейин сот аталган компанияны 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирген. 

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

"Соттун 14-майдагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105  миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды. 

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

31
Белгилер:
өндүрүү, экология, каражат, сот, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду
Ысык-Көлдө канаттуулардын ири фермасы

Ысык-Көлдө канаттуулардын ири фермасы ишке кирди. Сүрөт

44
(жаңыланган 21:12 14.05.2021)
Канаттуулардын эң ири фабрикасын ишке киргизүү үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

  • Птицеферма Агро-Куш в селе Сары-Камыш Иссык-Кульского района. 14 мая 2021 года
    Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров принял участие в запуске крупной птицефермы Агро-Куш в селе Сары-Камыш Иссык-Кульского района. 14 мая 2021 года
    Ага ылайык, ферманын ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаров катышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудник птицефермы Агро-Куш во время запуска производства в селе Сары-Камыш Иссык-Кульского района. 14 мая 2021 года
    Маалым болгондой, бул ферма канаттуулардын этин өндүрүүгө багытталган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудник птицефермы Агро-Куш во время запуска производства в селе Сары-Камыш Иссык-Кульского района. 14 мая 2021 года
    Канаттуулардын эң ири фабрикасын ишке киргизүү үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди

Ага ылайык, ферманын ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаров катышкан. Маалым болгондой, бул ферма канаттуулардын этин өндүрүүгө багытталган.

"Бул жерде канаттуулар багып-өстүрүлүп анан союлат. Фермада жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор да ишке киргизилди. Инкубациядан кийин өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулуп, жаңы тоют заводу курулган. Ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган", — деп жазылат маалыматта.

Канаттуулардын эң ири фабрикасын ишке киргизүү үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

Мамлекет башчы ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин белгилеп, ишкананын ишке кириши өлкөнүн ички рыногунда өндүрүшкө түрткү болот деген ишенимин билдирген.

Ишкананын эмгек жамааты менен баарлашууда Садыр Жапаров аймактардын жашоочуларына жеңилдетилген ипотекалык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесине да токтолгон.

44
Белгилер:
ферма, канаттуулар, Ысык-Көл, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров: "Кумтөргө" тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн
Кыргызстанда доллар улам төмөндөп жатат

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

0
(жаңыланган 22:17 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок.17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси баштаган.

0
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео