Кыргызстанда мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү пландалып жатат

© Sputnik / Сергей МамонтовАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Президент мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганын билдирди.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Келечекте Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуусу учурунда айтты.
"Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм", — деди Жапаров.
Президент мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0