ЖК “Кумтөрдү” башкарууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Шарттары

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйыныда корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Демилгечилер эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков болду.
Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты
Депутат Дастан Бекешевдин “кеп “Кумтөр” ишканасы тууралуу болуп жатабы?” деген суроосуна баяндамачы Акылбек Жапаров “атын атайын атабай жатканын, бирок концессионер катары бир гана “Кумтөр” иштээрин билдирди.
Жапаровдун айтымында, министрлер кабинетинде мыйзамга ылайык өз укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал ушул тапта экологияга келтирген зыян боюнча 3,2 миллион долларлык доо арыз каралып жатканын жана 19 адамдын каза болгонун белгиледи.
Жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын ичинен 98и мыйзам долбооруна макулдугун берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0