Алтын куймалары. Архив

Улуттук банктын алтын валюта запасы 8 айдан бери биринчи жолу өстү

121
Апрелде Улуттук банк эки ирет эң ири интервенция жасаган. Өткөн айда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өлкөнүн алтын валюталык резерви апрель айында 152,5 миллион долларга өстү. Бул тууралуу башкы банктын маалыматтарында белгиленет.

Март айынын этегинде запас 2 миллиард 523,1 миллионду түзгөн. Ал эми өткөн айдын аягында 2 миллиард 675,6 миллионго жеткен.

Эске салсак, өткөн жылдын августунда 3 миллиард 71 миллион доллар рекорддук көрсөткүчкө жеткен, кийин сентябрдан мартка чейин ай сайын төмөндөө байкалган.

Улуттук банк апрелде эки жолу ири интервенция жасаган. Анда бардыгы болуп 112 миллион 450 миң доллар сатылган.

Өткөн жылы Улуттук банк 74,3 миллион доллар саткан. Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата (дүйнөлүк баага барабар) марттын аягынан апрелдин аягына чейин 76,6 долларга өсүп, 1 767,65 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

121
Белгилер:
интервенция, валюта, алтын, Улуттук банк
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер: май айында бензин дагы эки сомго кымбатташы мүмкүн
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды. Себеби

75
(жаңыланган 10:45 15.06.2021)
Алтындын экспорту көлөмү жагынан да, акчалай да кыскарды. Кымбат баалуу металлды казуунун азайышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен.

БИШКЕК,15-июн. — Sputnik. Акыркы төрт айдын жыйынтыгын алып караганда Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 тонна 77,7 килограммга аз болду. Мындай көрүнүш биринчи ирет байкалып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика боюнча комитеттин маалыматында айтылат.

2021-жылдын январынан апрель айына чейин 3 тонна 560,1 килограмм (202 миллион доллар) алтын чыккан, ал эми бир жыл мурдагы көлөм 6 тонна 637,8 килограмм (340,1 миллион доллар) эле.

Эске салсак, бул кымбат баалуу металлды казуунун кыскарышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кумтөр алтын кенинен аталган продукцияны алуу 4,3 пайызга кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. Буга тоо тектин курамында алтын аз болгон жерде казылып жатканы себеп дешкен.

Министрлик өлкөдөгү эң ири делген алтын кенинде 16 тоннадан ашык алтын казыларын божомолдогон (былтыркы көлөм 17,7 тонна). Ал эми "Кумтөр голд компани" өзүнүн божомолунда 14,62-15,86 тонна болушу мүмкүн деген убадасын берген.

Баалуу металлдын көлөмүнүн кыскарып же көбөйүп кетиши боюнча башка факторлор да бар. Эске салсак, "Кумтөргө" инвесторлордон тышкаркы башкаруу киргизилген. Бул окуя май айында болгон.

75
Белгилер:
алтын, экспорт, алтын кени, Кумтөр, Кыргызстан
Тема боюнча
Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз
Рекорд! Кыргызстандын алтын запасы бир айда 22 миллиард сомго кымбаттады
Нарын дарыясы. Архив

Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө

358
(жаңыланган 13:35 14.06.2021)
Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты.

"Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштады.

358
Белгилер:
түшүндүрмө, электр энергиясы, ГЭС, Токтогул суу сактагычы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: Россия Борбор Азияда тынчтык болушуна кызыкдар

0
"Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Россия Кыргызстанга алты ай сайын финансылык көмөк көрсөтүп турарын белгиледи.

Борбор Азияда террордук коркунуч жаралса Россия жардамдашат. Себеби алар деле аталган аймакта тынчтык болушуна кызыкдар. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бактыгулов: Россия Борбор Азияда тынчтык болушуна кызыкдар

Анын айтымында, коомчулуктун айрым бөлүгү "эки өлкөнүн мамилеси сууп кетти" деген божомолу таарынычтан улам айтылууда.

"Кыргыз-тажик кандуу жаңжалынан улам коомдун айрым бөлүгүндө Россия менен Кыргызстандын мамилеси муздап калды деген божомолдор айтылууда. Чынында буга негиз жок. Себеби кыргыз-тажик жетекчилери Россиядан жаңжалды токтотууга көмөк сураса, бермек. Бирок кыргыз-тажик президенттери кандуу кагылышты эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чече турганын билдирди. Мындан улам Россия өзүн нейтралдуу кармады. Чынында коомчулук Россия болушат, көмөктөшөт деп күтүп жаткан. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде таарынычтан улам жогорудагыдай сөздөр айтылып жатышы ыктымал. Чынында Россия жардам берип эле келе жатат. Алсак, гуманитардык, аскердик көмөк көрсөтүп, вакцинадан каралашууда. Мындан тышкары, Россия тарабынан кыргыз бюджетине алты ай сайын каражат бөлүнөт. Анын ичинен социалдык төлөмдөр төлөнүүдө. Ошондуктан кандай жардам берилиши керектиги аныкталышы зарыл. Маселен, кыргыз мигранттары Россияда ээн-эркин иштеп жатат. Мындай жеңилдиктер башка өлкөлөргө берилген жок. Эки өлкө өнөктөштүк, шериктештик негизде кызматташууда. Алар Борбордук Азияда тынчтык болушуна кызыкдар. Учурда Афганистандын аймагында террордук топтор бар экени айтылууда. Алар коркунуч жаратып, күчүбүз жетпей калса Россияга кайрылабыз. Себеби эки өлкө кызматташат", — деди Бактыгулов.

Ошондой эле ал муктаждык жаралып кыргыз жетекчилиги Россияга кайрылса, алар өз көмөгүн бере турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Тажикстан, Кыргызстан, Россия, кызматташтык, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды