Суу сактагыч. Архив

Министр: Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат

222
(жаңыланган 14:53 07.05.2021)
Жаңы суу сактагыч куруу үчүн багытталган долбоордук документтештирүүгө 10 миллион сом бөлүнөрү айтылды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

"Долбоордук документтештирүүгө 10 миллион сом бөлүнгөнү жатат. Каражат бюджеттен каралган", — деди министр.

Кармышаковдун брифингде айткан маалыматтары:

222
Белгилер:
Улукбек Кармышаков, чек ара, Баткен облусу, компенсация, суу сактагычы
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (318)
Тема боюнча
Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет
Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт
Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив

Салык кызматына Финполдун функциялары берилет. Жаңы кодекстин долбоору

231
(жаңыланган 18:41 28.10.2021)
Финпол жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Салык кызматына өз тармагы боюнча кылмыштарды териштирүү укугун берүү сунушталууда. Мындай демилге Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунда жазылган.

Учурдагы кодекс боюнча Салык кызматынын органдары салыктык башкаруу жана саясатын ишке ашыруу менен гана алектенет.

Долбоордо КР Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына, башкаруу жана салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык, тергөө органынын алгачкы функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү кошумча аткарары көрсөтүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган Салык кызматынын органдары укук коргоо органы статусуна ээ болот.

Долбоордо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калганы белгиленген.

231
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, кылмышкер, кармоо, укук, салык кодекси
Тема боюнча
Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс
Кыз электрондук тамеки менен. Архив

Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс

236
Салыктык ставкалар кадимки тамеки менен теңделип, натыйжада жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт. Бул туурасында жаңы Салык кодексинин долбоорунда жазылган.

Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.

"Азыркы учурда тамекини алмаштыруучулар кеңири колдонулууда, салык салуу шарттарын теңдөө үчүн аталган категориядагылардын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. Бир даана ысытылуучу тамекиге болгон акциз салыгы кадимки чылымдын акциз салыгынан 10 эсеге аз. Салыкты көтөрүүнүн натыйжасында жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда", — деп жазылган долбоордо.

Ошондой эле мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.

236
Белгилер:
кальян, салык кодекси, электрондук тамеки
Тема боюнча
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Шприц кармап турган медицина кызматкери. Архив

Вакцина алчуларды арбытуу үчүн бийлик эмдөө боюнча токтомго өзгөртүү киргизди

0
Жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу кооптуулугу боюнча жана алдын алуу эмдөөлөрүн сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси толукталды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер мындан ары эмдөөдөн, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрлер кабинети өкмөттүн 2001-жылы кабыл алынган "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген.

"Көрсөтүлгөн токтом аркылуу республика аймагында жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу кооптуулугу боюнча жана аны алдын алуу үчүн эмдөөнү сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси бекитилген", — деп айтылган маалыматта.

Аталган тизме маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы иштер (музейлер, көргөзмө залдар, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдар оюн аянттары, балдар лагери, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер, фитнес-клубдар) менен толукталган.

Министрлер кабинети тизмеге алгач инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды тейлөө боюнча жана билим берүү мекемелеринин бардык типтериндеги, түрлөрүндөгү иштер киргизилгенин белгилеген.

Учурда коронавирус инфекциясы менен ооругандар Кыргызстанда да кайрадан көбөйө баштады. Соңку статистикага таянсак, Кыргызстанда 124 кишиден коронавирус табылып, үч адам көз жумду.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, эмдөө
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Элчилик: Россия Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 1,2 млн. доллар бөлөт
Эмдөө жай жүргөн аймактар. Бишкек менен Сүлүктү эң артта