Дагы деле өсүүдө. Жыл башынан бери бензин канча пайызга кымбаттады

© AFP / JEFF PACHOUDКүйүүчү май куюп жаткан айдоочу. Архив
Күйүүчү май куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынан май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташы күтүлүп жатканын айтышты.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы дагы деле өсүп жатканын Улуттук статистика комитети кабарлады.
Апрель айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы орто эсеп менен 49,98 сомду түзүп, өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 34,2 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 44,15 сомду түзүп, 6 пайызга жогорулаган.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жапаров электр энергиясына чектөө кайра алып салынарын айтты
Ошол эле учурда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн Исфана (бир литри 51,92 сом), Баткен (51,72 сом), Кара-Суу (50,63 сом), Кербен (50,52 сом) шаарларында жогору болуп турат.
Ал эми минималдуу баалар Балыкчы (бир литри 48,37 сом), Нарын (48,60 сом), Токмок (48,93 сом) жана Чаек айылында (48,70 сом) катталды.
Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатовдун айтымында, май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташы күтүлүп жатат. Адистер буга мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы себеп экенин айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0