Бишкектин айрым май куюу жайларында бензин кымбаттады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайдын кызматкери. Архив
Май куюучу жайдын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы төрт пайызга (эки сомго) кымбаттаары күтүлүп жатканын айткан эле.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте жума күнкүгө салыштырмалуу айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү. Маалыматты нефть азыктарын саткан компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.
Мисалы, "Роснефть" компаниясынын май куюу жайларында бензин менен дизель майы 0,3 сомго кымбаттады.
Учурда Бишкектеги популярдуу май куюу жайларында баалар төмөнкүдөй:
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.
"Газпром нефть Азия" (өзгөргөн жок):
  • АИ-92 — 48,9 сом;
  • АИ-95 — 50,9 сом;
  • Дизель майы — 44,9 сом.
Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатовдун айтымында, май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы төрт пайызга (эки сомго) кымбатташы күтүлүп жатат. Адистер буга мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы себеп экенин айтып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0