Centerra Gold компаниясы Кумтөргө байланыштуу абал боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Компания негизинен 2009-жылкы келишимге таянып, эгер "Кумтөр голд компани" ишканасына айып салынып, кошумча салыктар талап кылынса, келишим бузулат деп эсептейт.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине байланыштуу окуялар боюнча үн катты.
Эске салсак, кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.
Centerra ишканасы "кырдаал менен тааныш экенин жана Кумтөр боюнча 2009-жылкы кайра каралган келишимди бузууга багытталган мыйзам долбоорлору жана токтомдор тууралуу билерин" айткан. Бирок бул долбоорлор кайсы стадияда экени анык эместиги кошумчаланган.
Трейдерлер фондулук биржада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Кыргызстандагы жаңылыктардан кийин Centerra Gold Inc акциялары арзандап кетти
Ошондой эле компания сот чечими тууралуу кыскача пикирин билдирди. Маалыматка караганда, 2021-жылдын март айында Кыргызстандын төрт жараны ишкананын мөңгүлөрдүн үстүнө кенден казылган топурак-шагылдарын төгүү боюнча мурдагы практикасын мыйзамсыз деп таптырууну көздөгөн. Бирок өткөн аптада дооматын өзгөртүп, экологиялык зыян келтиргени үчүн мамлекетке 3 миллиард доллар төлөп берүүсүн талап кылышкан.
Мындан тышкары, билдирүүдө арыз жазгандардын бири Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (учурда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет) жетекчиси Динара Кутманованын баласы экени айтылат.
Компаниядан бидиришкендей, алардын колуна Мамлекеттик салык кызматы 2015-2020-жылдар аралыгында жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тийген. Документтер каралып жатат, бирок алдын ала маалыматтарга караганда, компания кошумча 170 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Сумма мурдагы эле салык жана төлөмдөрдүн негизинде төгүп берилиши керек. Centerra акыркы аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн сумма менен мурда айтылган сумма туш келип же келбегенин түшүнбөй жатканын айтат.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү эки эсе азайып кетти
Канадалык компаниянын билдирүүсүндө, "Кумтөр Голд Компани" бардык мыйзамдар менен келишимдерди так аткарганы айтылат. Ошондой эле экологиялык көрсөткүчтөр эл аралык нормаларга, анын ичинде Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын талаптарына туура келери белгиленген. Centerra көрсөткүчтөр бир нече жолу аудиттен өткөрүлгөнүн, ага кыргыз өкмөтүнүн консультанты дагы катышканын белгилейт.
Компания Салык кызматы менен доо арыз жазган жеке тараптардын дооматын негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айтат.
"Centerra 2009-жылы кайра түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташа берүүгө даяр. Ал талаш-тартыш маселе жаралып калганда эл аралык арбитражга кайрылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик пошлина төлөө боюнча азыркы же келечектеги юридикалык талаптарды, Кумтөр кенине тиешелүү талаш жараткан жагдайларды жана башка маселелерди Centerra компаниясына таасир этпей туруп чечүүгө болот дегенге кепилдик жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0