Чет элдик валюталар арзандап, алтын кымбаттады. Күйүүчү май боюнча абал кандай

© AFP / ADEM ALTANАкча алмаштыруучу жайдагы адам. Архив
Акча алмаштыруучу жайдагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Sputnik редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып көрдү.
БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бир катар валюталардын сомго карата наркы түшүп, алтындын баасы, тескерисинче, көтөрүлдү. Күйүүчү май мурдагы эле баада сатылууда.
Өткөн жума күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында доллар 14 (сатып алуу) жана 13 тыйынга (сатуу) арзандады. Еврону сатып алуу үчүн мурдагыдан 11 тыйынга азыраак төлөсөңүз, сатуу үчүн 8 тыйынга төмөнүрөөк баа коесуз. Рубль дагы арзандады, сатуу 0,1 тыйын, сатуу 0,4 тыйын болду. Теңгенин курсу билинер-билинбес төмөндөдү.
Ишемби күнкүгө салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы ошол бойдон.
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.
"Газпром нефть Азия":
  • АИ-92 — 48,9 сом;
  • АИ-95 — 50,9 сом;
  • Дизель майы — 44,9 сом.
Ал эми алтындын баасы бир топ жогорулады. Мисалы, бир грамм алтын 62,5 сомго кымбатыраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.
Жаңылыктар түрмөгү
0