Сом КМШда эң кооз валюта болуп саналат. Адис кыргыз акчанын өзгөчөлүктөрүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду. Бул аралыкта ал бир нече эл аралык сынактарда жеңүүчү болгон.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз сомунун башкалардан кандай өзгөчөлүктөрү бар? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын накталай акча жана адистик бөлүмүнүн башчысы Дана Сайфуллина айтып берди.
Эске салсак, кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду.
"2009-жылы чыккан төртүнчү сериядагы банкноталардын ар бири кайталангыс өңгө ээ. Ар биринде өзүнө гана тиешелүү ачык түс бар. Бул акчаны эске тутуп калууга шарт түзөт жана көрүүсү начар адамдарга бир топ жеңилдиктерди берет", — деди адис.
Анын айтымында, учурда кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкноталардын бири болуп эсептелет.
Ведущий эксперт экспертного отдела управления денежной наличности НБ КР Эмиль Курманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Радио
Курманалиев: кыргыз сому 5000 ирет бүктөгөнгө туруштук берет
"2009-жылы чыккан 5000 сом номиналындагы банкнота "Жылдын банкнотасы" аттуу ири эл аралык сынакта финалга чейин жеткен. Бул акчанын коргоо деңгээли жана дизайны каралчу жыл сайын өтө турчу сынак. Ал эми 100 сомдук КМШ боюнча адистер арасында өткөн сурамжылоодо сапаты боюнча экинчи орунду алган. Адистер 50 доллар, 50 евро жана 1 миң рублдин сапатын сынашкан. 2 миң сомдук “Аймактагы мыкты банкнота 2018” эл аралык сынагында КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин ичинен жеңүүчү болгон”, — деди ал.
Ошондой эле адис акча өлкө тарыхынын маанилүү бир бөлүгү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0