"Бакиевдик" менчиктештирүү кайталанбайбы? Экономика министрлигинин жообу

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Курманбек Бакиев иниси Джаныбек Бакиев менен. Архив
Мурдагы президент Курманбек Бакиев иниси Джаныбек Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанда мамлекеттик мүлктүн айрым бир бөлүгүн сатуу пландалууда. Экономика министрлиги Бакиевдин убагындагыдай менчиктештирүү кайталанбайбы деген чочулоого жооп берди.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандагы стратегиялык объектилер Курманбек Бакиевдин доорундагыдай болуп менчиктештирилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын башчысы Эльдана Сатарова билдирди.
Эскерте кетсек, 5-майда президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо жана келечекте менчикке өткөрүү керектигин билдирген. Ошондой эле бул стратегиялык мекеменин дагы бир бөлүгүн аутсорсингге берилет.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Кыргызстанда мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү пландалып жатат
Бүгүн, 11-майда, Сатарова журналисттерге мамлекеттик активдерди башкаруу кандайча реформаланарын жана кайсы мамлекеттик объектилерди сатуу пландалып жаткандыгын айтты. Sputnik агенттигинин кабарчысы 2010-жылы айрым мамлекеттик объектилер, анын ичинде стратегиялык объектилер ("Кыргызтелеком", "Түндүк электр") сатылгандыгын эске салып, кырдаал кайталанбасына кепилдик барбы деп сурады.
"Албетте, коомчулук мамлекеттик активдерди менчиктештирүү маселесин ар дайым оор кабылдайт... 2010-жылдагы менчиктештирүүнүн адилетсиз натыйжалары революцияга түрткү болгону маалым. Ошондуктан кепилдик бар жана болот", — деди ал.
Ал саясий жана экономикалык институттар өнүккөнүн, мындан сырткары, жарандык коом активдүү экенин белгиледи. Реорганизация жана сатуу боюнча комиссиянын курамына жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Мындан тышкары, менчиктештирүү процесси Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болот. Алар процессти ачык-айкын өткөрүүгө аракет кылышат.
"Сиздер белгилеген стратегиялык объектилер менчиктештирүү маселесинин күн тартибинде жок. Маселе айрым негизги эмес активдерди менчиктештирүүгө байланыштуу болууда. Бул улуттук, саясий, экономикалык коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы менен байланышпаган объектилер жана ишканалар болуп саналат", — деген Сатарова.
"Бакиевдик" менчиктештирүү болуп кетпейби деген тактоочу суроого ал кайра түзүү боюнча кадам туура эмес чечмеленип жатат деген жооп айтты.
Анын айтымында, стратегиялык ири ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө маселе болгон эмес, эч качан көтөрүлбөйт дагы. Мында кадимки эле мамлекеттик активдердин пакетин оптимизациялоо боюнча процесс жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0