Кытай Кыргызстандан кандай азык-түлүк алгысы келет

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖүзүм. Архив
Жүзүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына расмий  сапарынын алкагындагы жолугушууда кытай тарап Кыргызстандан айрым азык-түлүктү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүнү кааларын билдирди.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кытай Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына расмий сапары менен барганда белгилүү болгонун ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
"Кытай Кыргызстандан картошка, буурчак, жүзүм алууга кызыгып жатат", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Кыргызстан негизинен азык-түлүктү Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерге эспорттойт. Кургатылган жемиш, бал өңдүү товарлар гана Сауд Аравиясы, АКШ, Япония, Кувейт, Франция баштаган бир катар алыскы өлкөлөргө жөнөтүлөт. Бирок көлөмү анча чоң эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0