Быйыл 3 айда мигранттар Кыргызстанга канча акча которгону айтылды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКоммуналдык кызматкер Москвадагы көчөлөнү тазалап жатат. Архив
Коммуналдык кызматкер Москвадагы көчөлөнү тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Редакция 2005-жылдан берки жылдын биринчи кварталында мигранттар которгон каражаттын суммасын салыштырып көрдү.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кыргызстанга чет өлкөдөн 543 миллион доллар которулганын маалымдады.
Мында жеке тараптардын каражат которуу системасы аркылуу келип түшкөн акчасы гана эсептелген.
Эгер бул маалыматты мурдагы жылдардын (2005-жылдан берки) ушул мезгилине салыштыра турган болсок, азыркы статистика рекорддук көрсөткүч болуп калат.
Төмөнкү жылдары январь-март айларында мигранттар которгон сумма 400 миллион доллардан ашкан:
  • 2020 — 457,7 миллион доллар;
  • 2019 — 540,4 миллион;
  • 2018 —505,8 миллион;
  • 2017 — 444,5 миллион;
  • 2014 — 412,6 миллион;
  • 2013 — 423 миллион.
Мындан башка жылдары эң жогорку көрсөткүч 2012-жылы катталып, 363,8 миллион долларды түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0