Кирпичтерди таңгактоого даярдоо. Архив

Кыргызстанда курулуш материалдар кымбаттап жатат. Баалар

258
(жаңыланган 19:58 14.05.2021)
Бишкекте кирпичтин наркы дээрлик 22 пайызга өстү. Ал эми Кыргызстан боюнча орто эсеп менен алганда 14 пайызга кымбаттаган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда курулуш материалдардын чекене баасы кымбаттап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Цементтин баасы өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу Кара-Балтада 22,2 пайызга, Покровкада 21,7 пайызга өскөн. Республика боюнча цементтин 50 килограммы орто эсеп менен алганда 306,67 сом турат. Жыл ичинде баа дээрлик тогуз пайызга жогорулаган.

Цемент аймактарда канча турат:

  • Бир мүшөк цемент (50 килограмм) Чаек айылында (Нарын) — 374,97 сом;
  • Кербен (Жалал-Абад) — 369,46 сом;
  • Токтогул (Жалал-Абад) — 356,64 сом.

Эң арзан (274,95 сом) цемент Өзгөндө (Ош облусу), Покровка айылында (Талас) 280 сом, Ошто (280,99 сом) жана Бишкекте (297,77 сом) сатылат.

Ал эми курулуш кирпичинин миң даанасы 7 262,69 сом. Бул өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу 14 пайызга кымбат.

Эң кымбат кирпич кайсы аймакта:

  • Токмок (Чүй) — миң даанасы 13 228,76 сом;
  • Нарын, Баткен, Талас — 10 000 сом (миң даанасы).

Кербенде (2 698,15), Кара-Сууда (2 978,09) жана Токтогул районунда (4 500 сом) кирпичтин баасы салыштырмалуу арзан.

258
Белгилер:
Кыргызстан, кымбаттоо, нарк, курулуш материалдары
Тема боюнча
Бишкектин айрым май куюу жайларында бензин кымбаттады
Арзандаганы да, кымбаттаганы да бар. Базарда машиналар канчадан сатылууда
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды. Себеби

71
(жаңыланган 10:45 15.06.2021)
Алтындын экспорту көлөмү жагынан да, акчалай да кыскарды. Кымбат баалуу металлды казуунун азайышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен.

БИШКЕК,15-июн. — Sputnik. Акыркы төрт айдын жыйынтыгын алып караганда Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 тонна 77,7 килограммга аз болду. Мындай көрүнүш биринчи ирет байкалып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика боюнча комитеттин маалыматында айтылат.

2021-жылдын январынан апрель айына чейин 3 тонна 560,1 килограмм (202 миллион доллар) алтын чыккан, ал эми бир жыл мурдагы көлөм 6 тонна 637,8 килограмм (340,1 миллион доллар) эле.

Эске салсак, бул кымбат баалуу металлды казуунун кыскарышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кумтөр алтын кенинен аталган продукцияны алуу 4,3 пайызга кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. Буга тоо тектин курамында алтын аз болгон жерде казылып жатканы себеп дешкен.

Министрлик өлкөдөгү эң ири делген алтын кенинде 16 тоннадан ашык алтын казыларын божомолдогон (былтыркы көлөм 17,7 тонна). Ал эми "Кумтөр голд компани" өзүнүн божомолунда 14,62-15,86 тонна болушу мүмкүн деген убадасын берген.

Баалуу металлдын көлөмүнүн кыскарып же көбөйүп кетиши боюнча башка факторлор да бар. Эске салсак, "Кумтөргө" инвесторлордон тышкаркы башкаруу киргизилген. Бул окуя май айында болгон.

71
Белгилер:
алтын, экспорт, алтын кени, Кумтөр, Кыргызстан
Тема боюнча
Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз
Рекорд! Кыргызстандын алтын запасы бир айда 22 миллиард сомго кымбаттады
Нарын дарыясы. Архив

Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө

354
(жаңыланган 13:35 14.06.2021)
Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты.

"Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштады.

354
Белгилер:
түшүндүрмө, электр энергиясы, ГЭС, Токтогул суу сактагычы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Көчөдө бараткан маскачан адамдар. Архив

Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну байкала баштады

0
(жаңыланган 12:49 15.06.2021)
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жөнөкөй санитардык нормалар менен эрежелерди сактоого чакырды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, биринчи толкун 2020-жылдын июнь-июль айына туш келип, бир суткада 1600 адам илдет жуктурган учур болгон. Экинчи толкун октябрь-ноябрда болуп, бир сутка ичинде жуктургандардын саны 600гө жеткен.

"Учурда үчүнчү толкун байкалып жатат. Жети күндүн ичинде коронавирус жуктургандардын саны миңден ашты (1,3). Өткөн жылы Кыргызстанда "британиялык" штамм жок болчу. Үстүбүздөгү жылдын март айында Новосибирскидеги лабораторияга үлгүлөрдү жибергенбиз. Натыйжада анын 44 пайызынан "британиялык", 39 пайызынан "россиялык" жана "түштүк африкалык" (бир), "индиялык" (бир) штаммдар табылган", — деди Рахматуллаев.

Анын айтымына караганда, Бишкекте коронавирустун жайылышы республикалык көрсөткүчтөн 3,6 эсеге, Ошто 2,6 эсеге көп болуп жатат. Министрдин орун басары санитардык нормалар жакшы сакталбаса, статистика өсө турганын кошумчалады.

Рахматуллаев жарандарды эл көп топтолгон жерлерге көп барбоого чакыра кетти.

0
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду
514 кишиден вирус табылып, алты бейтап каза болду. COVID статистикасы