Акча каражаттары. Архив

Кыргызстандан чыгарылган акча рекорддук чекке жетти. I кварталдын маалыматы

565
Буга чейин биринчи кварталда Кыргызстандан чыгарылып кеткен эң ири каражат 2019-жылдын январь-май айларында катталган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан чет жактарга которулган каражат 122,9 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

Башкы банк акча которуу системасындагы жеке тараптар которгон каражатты эсепке алган.

Эгерде башка жылдардын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү салыштырганда, быйылкы сумма менен рекорд жаңыланды.

Төмөндө биринчи кварталдагы маалыматтар (көрсөткүчү 100 миллион доллардан ашкан жылдар гана белгиленди) камтылды:

  • 2020 — 114,6 миллион доллар;
  • 2019 — 116,5 миллион;
  • 2018 — 107,2 миллион.
565
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл 3 айда мигранттар Кыргызстанга канча акча которгону айтылды
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

184
(жаңыланган 17:35 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

184
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Уйлар. Архив

Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды

99
(жаңыланган 17:02 24.06.2021)
Улукбек Марипов жыйында өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынганын өкмөт кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу каралган.

Марипов Айыл чарба министрлиги маалында чара көрсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралмак эместигин айткан. Ошондуктан бир катар чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп жатканын билдирген.

"Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары аймакка кээ бир айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынат. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка тууралуу болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу чөптү, аралаш тоютту, жүгөрүнү, арпаны толугу менен тышка сатууга тыюу салынат. Ал эми 8-июлдан тарта Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үч миң тонна кумшекер жана өсүмдүк майы сатып алынганын билдирген. Ошондой эле өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынган.

Марипов бюджетке болжол менен 200 миллион сом түшпөй каларын, бирок элди азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн туура чечим кабыл алынганын кошумчалаган.

99
Белгилер:
азык-түлүк, чектөө, чечим, экспорт, мал, Кыргызстан
Тема боюнча
Керимбаев: эми Казакстандан өткөн товарлар мурдагыдай текшерилбейт
Июлда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6%га кымбаттаары айтылды
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

0
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
0
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы