Депутат Рыскелди Момбеков. Архив

Момбеков: "Кумтөрдөн" 5 млрд. доллар өндүрүү бул жомок

225
(жаңыланган 17:20 17.05.2021)
Депутат комиссиянын корутундусуна жарым-жартылай макул болуп, өзгөчө пикири менен кол койгонун билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынан беш миллиард доллар өндүрүү — бул жомок. Бул тууралуу "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал комиссиянын корутундусуна жарым-жартылай макул болуп, өзгөчө пикирин айтуу менен кол койгонун белгиледи. Ошону менен катар Кыргызстан тараптан коюлуп жаткан доо менен макул экенин кошумчалаган.

"Октябрь райондук сотунун чечимин арбитраждык сот кабыл албайт. Мен беш миллиард долларлык доону "Кумтөрдөн" өндүрүп аларыбызга ишене албайм. Жеке пикиримде, мунун баары — жомок. Биз эгемендикти алгандан бери эле "Кумтөргө" кулдук уруп келгенбиз. Азыркы соттошуу коштошуу эмес, бул —достошуу. Эгер коштошо турган болсок, башкача жол менен баралы. Мен элди убара кылбай улутташтырып салууну сунуштадым. Ошондой кылалы, болбосо жөн эле отуралы", — деди Момбеков.

Ошондой эле ал мамлекеттик комиссия корутундусунда октябрдан кийинки бийликти мактап, калганын мамлекеттин чыккынчысы катары сыпаттап жатканын сынга алды.

225
Белгилер:
Кыргызстан, Кумтөр, Рыскелди Момбеков, улутташтыруу, сот
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (105)
Тема боюнча
Жапаров Кумтөр кенин текшерген комиссиянын ишин күзгө чейин узартууну суранды
Комиссия: Centerra Кыргызстандын тышкы карызынын суммасындай киреше тапкан
Жапаров: Centerra эл аралык арбитраждан коркпой турганыбызды түшүндү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев

Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

177
(жаңыланган 10:37 18.10.2021)
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

"Ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге токтолду. Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук баасын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, эл үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

177
Белгилер:
УКМК, Камчыбек Ташиев, дары-дармек, баа, кеңешме
Тема боюнча
УКМК: дары-дармекти элге кымбат саткандар кармалды
Базар. Архив

Былтыр өлкөнүн кайсы аймагында чекене соода көп болгон. Тизме

356
(жаңыланган 10:39 17.10.2021)
2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда азайган. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл жана Жалал-Абадда катталды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр өлкөнүн кайсы аймактарында чекене сооданын көлөмү кандай болгондугу тууралуу маалымат жарыялады.

Эскерте кетчү жагдай, бул статистикага тамактануу жайларынын соодасы кошулган жок.

Бишкек шаарын эске албаганда (жалпы чекене сооданын 36,2 пайызы), алдыңкы орунга Чүй (15,9 пайыз) жана Жалал-Абад (14,5 пайыз) облустары чыкты. Калган региондорго 10 пайыздан төмөн үлүш туура келди.

"Эске салсак, 2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда төмөндөгөн. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл (21,1 пайызга) жана Жалал-Абад (25,1 пайызга) облустарында болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бул статистикага кошулбаган тамактануу жайларынын жүгүртүүсү боюнча айтсак, 2019-жылга салыштырмалуу былтыр соода 39 пайызга азайып, кафе-ресторандар 15 миллиардга жакын сомдон кол жууган.

356
Белгилер:
Кыргызстан, аймак, соода, экономика
Тема боюнча
Былтыр өлкөдөгү кафе-ресторандар 15 миллиард сомдон кол жууган
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

0
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

0
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт