Кумтөр алтын кени. Архив

Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак

410
(жаңыланган 17:59 17.05.2021)
Теңиз Бөлтүрүктүн айтымында, "Кумтөр Голд Компани" ушунча жылдан бери бийликтин уруксаты жана колдоосу менен гана иштеп келген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Эгер Centerra Gold Inc. компаниясы Канадада Кыргызстандагыдай иштесе, аны эчак жаап коюшмак. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында чакырылган эксперт Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Самат Исманов кыргыз өкмөтү Кумтөр маселесине байланыштуу соттордо өз максатына жете алар-албасына кызыкты.

"Мен юристтерге жана сандарга ишенем. Мен ал жакта иштегем. Декабрда барганда эмне болуп жатканын көрдүм. Мыйзам бузуулар оголе көп. Канадада болсо аны эчак жаап коюшмак. "Кумтөр Голд Компани" ушунча жылдан бери бийликтин уруксаты, колдоосу менен гана иштеп келген", — деди Бөлтүрүк.

Ал эми эл өкүлү Махабат Мавлянова "сотко кайрылып убакытты кетирбей, кенди улутташтырып салса болбойбу?" деген суроо узатты.

"Азыр бизге Канаданын, Нью-Йорктун юристтери адилеттүүлүк силер тарапта, жеңесиңер деп айтып жатышат. Ошондуктан өзүбүзгө таандык объектини улутташтыруусуз эле мыйзамдуу, адилеттүү жол менен аларыбызга ишенем", — деди адис.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

410
Белгилер:
улутташтыруу, Теңиз Бөлтүрүк, сот, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Кыргызстан Centerra менен соттошууга кайсы компанияларды жалдаганы айтылды
Сүйлөшсөк да, ажырашсак да болот. Кыргыз бийлиги "Кумтөргө" кандай шарт коюуда
Эл аралык соттордо Centerra Gold Inc. компаниясына кандай доомат коюлууда
Нью-Йорк шаарындагы талкаланган дүкөн. Архив

Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

14
(жаңыланган 16:42 23.06.2021)
АКШда 2008-жылдагы глобалдык каржылык каатчылыгынан бери мындай инфляция кайталана элек болчу. Бирок жөнгө салуучу орган монетардык саясатты катаалдатуудан баш тартууда.

Deutsche Bank мындай аракетсиздиктин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертишти. Бул – бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн опурталдуу абал. Аталган державада акчанын нарксызданышы дүйнөгө кандай таасир этери тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Инфляциянын күч алышы

Май айында АКШда жылдык инфляция беш пайызга чыкты. Ал эми керектөөчүлүк баалардын, энерготашуучу жана азык-түлүк сымал туруксуз товарларды кошпогондо, базалык индекси (инфляция деңгээли) былтыркыга салыштырмалуу 3.8 пайызга өстү. Бул – 1992-жылдын июнунан берки эң жогорку көрсөткүч. Автомобиль, техника, мебель, авиабилет, кийим-кече, азык-түлүк – баары кымбаттады.

Дүйнөлүк банктын экономисттери инфляцияны даректөө саясатын жүргүзгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия чочулай турган жагдай жок экенин айтышат. Көрсөткүчтү максаттык диапазондун чегине кайтарууга болот. Анткен менен Кошмо Штаттарда кырдаал башка. Федералдык резервдик системанын бир чара көрө турган түрү жок. Март айында эле бул тутумдун башчысы Жером Пауэлл таргеттин (даректөөнүн) эки пайызга утурумдук көтөрүлүшүндө эч кандай көйгөй жоктугун билдирген.

Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнүн себептери түшүнүктүү. Пандемия башталгандан тарта америкалык бийлик акча басуучу станокту болушунча иштетүү менен каатчылыкка каршы чара көрүүгө алты-тогуз триллион долларга дейре сарптаган. Ал эми Жо Байдендин келиши менен өлкө экономикасына дагы эки триллиондой каражат салынды. Бул – негизинен социалдык өбөлгөлөрдүн гиганттык топтому.

Ири карыз жана чабалдаган доллар

Акчанын каптаганы мамлекеттик карызды болжол менен төрттөн бирге жогорулады. Эми бул 28 триллион долларга (жылдык ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 130 пайызы) арбын. Экономисттер экономикага жаңы акча салуу жакшы натыйжага алып келбейт. Өндүрүш көлөмүн тийиштүү деңгээлге чыгарбастан, акчанын ашыкча айланышынын айынан бюджетке күч келет, баалар көтөрүлөт.

Инфляциялык тобокелдик кийинкиге жылдырылган керектөөчүлүк суроо-талапты да күчөтөт. Пандемия убагында америкалык керектөөчүлөр 1,6 триллион доллар топтоп, эми акырындап коротууга киришти. Жаңы басылган купюралардын күчтүү агымы америкалык валютага доо кетирди. Доллардын куну түшүп, инвесторлор үчүн жагымдуулугунан ажырап барат.

2020-жылы евро салыштырмалуу 0,8934төн 0,8149га, дээрлик тогуз пайызга түштү. Быйыл дагы беш-жети пайызга төмөндөшү ыктымал. Дагы бир башка фактор — бюджетке болуп көрбөгөндөй басым. 2020-каржылык жылында бюджеттин таңсыктыгы 16,1 пайызга (3,1 триллион долларга) жеткен. Бул – 1945-жылдан берки эң ири көрсөткүч. Дал ошол жылы өкмөт масштабдуу аскердик операцияларга эбегейсиз каражат бөлгөн.

Суроо жаралат

Ошентсе да экономикалык максаттарга жетүүдө, атап айтканда, эмгек рыногун калыптандырууда "алгылыктуу прогрессти" көрмөйүнчө Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди жогорулатууга же активдерди сатып алуу программасын кыскартууга ниеттенбейт. Жөнгө салуучу органдын өз күчүнө гана ишенгендиги жана аракетсиздиги суроо туудурат.

"Күрөшүү үчүн так план зарыл. Салык-бюджеттик саясатты аныктаган адамдар алардын чечимдери кимдерге зыян келтирерин түшүнүүгө тийиш. Америкалыктардын сексен жети пайызы баалардын өсүп жатканына кабатыр.

Пауэлл мырза бул олуттуу маселеге убактылуу тоскоолдук катары кол шилтөөнү токтотуп, инфляциянын кескин секиригин моюнга алууга милдеттүү", — дейт сенатор Рик Скотт.

Экономисттер Федералдык резервдик тутумдун андан да коркунучтуу көрүнүшкө – фондулук рынокто глобалдык көбүктүн түзүлүшүн толугу менен танып жатканына көңүл бурууга чакырат. Акциялардын баасы тарыхый жогорку чегине жетип турганда өтө төмөн пайыздык үстөктөрдү колдоону, балансты айына 120 миллиард долларга жогорулатууну улантуу менен Федералдык резервдик система рынокту ого бетер козутушу мүмкүн.

"Жөнгө салуучу орган экономиканы кыйын шартка кептегени турат, акыры барып инфляциянын максаттуу деңгээлине жетүү үчүн акча-насыя саясатын катаалдатууга мажбур болмокчу", — деп белгилейт Америкалык ишкерлик институтунун талдоочусу Десмонд Лахман.

Алсыздар жабыр тартышы ыктымал

Кандай болсо да бул америкалыктарга гана тургай, бүт дүйнөгө көйгөй жаратарын эскертишет Deutsche Bank талдоочулары. "Кошмо Штаттарда инфляцияны тоготпоо глобалдык экономика үчүн опурталдуу. Анын кесепети, айрыкча коомдун эң аяр катмары үчүн оор болушу ыктымал", — деп түшүндүрөт банктын башкы экономисти Дэвид Фолкертс-Ландау.

Германиядагылар инфляция токтобой турганын, жакынкы жылдары, балким, 2023-жылы каатчылыкка кептеши мүмкүн экенин жоромолдошот. Эксперттер биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартарын белгилешет. Өнүккөн экономикада акчанын нарксызданышы инвесторлордун пайыздык чендердин жогорулашына үмүттөрүн арттырат. Бул мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, натыйжада карыз алуу кыйла кымбатка түшөт. Ошентип, экономисттер өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн глобалдык калыптандыруунун башаты позитивдүү фактордон коркунучка айланганын айтышат. Мисалы, Түштүк Африка жана Бразилияда карыз наркы кооптуу деңгээлге чукулдап калды. Ал жакта мамлекеттик финансы ансыз да туруксуздугу менен айырмаланат.

"Бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляциядан да АКШдагыдан чочулаганы оң", — дешет S&P Global Ratings адистери. Бардар мамлекеттер пандемия маалында көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө караганда абдан төмөн пайыздык чен менен карыз алышкан. Маселен, Египет быйыл ИИӨнүн 38 пайызына барабар карызын кайра каржылоого тийиш. Насыяны тейлөө акысы — 12,1%. Гана үчүн пайыз андан да бийик, тагыраак, 15 пайызды түзөт. Ушундай эле көйгөй Бразилияда да бар, Борбордук банкы январдан бери баа басымын чабалдатуу үчүн үстөктөрдү көбөйткөн. Capital Economics адиси Уильям Жексондун айтымында, Бразилия — инфляция жана кирешелүүлүктүн өсүшү экономикалык туруктуулукка кооптуу экенине айкын мисал.

"Бул Борбордук банкты мамлекеттик каржыны кыскартып, карызды тейлөө чыгымдарын арттырган пайыздык чендердин жогорулатууга аргасыз кылды", — дейт аналитик. Мындай абалдан, маселен, Бразилия, Түштүк Африка жана Индия чет өлкөлүк насыякорлорго караганда ички кредиторлорго көбүрөөк үмүт артканы куткарат. Бул капиталдын сыртка агуу көлөмүн төмөндөтөт. Россия бул багытта туруктуу келет, федералдык заемдогу облигацияларда резидент эместердин үлүшү абдан аз. РФ Борбордук банкынын маалыматы боюнча, май айында он пайызды түзгөн (апрелде — 19,7). Федералдык заемдогу облигация ээлеринин арасында 80 пайыздан ашыгы — жергиликтүү инвесторлор, эң оболу банктар жана пенсиялык фонддор. Ал эми резидент эместер — жергиликтүү ири банктардын чет өлкөдөгү "бутактары". Бул санкциялык да, инфляциялык да тобокелдиктерден сактайт.

14
Белгилер:
суроо-талап, насыя, кун, акча, экономика, АКШ, инфляция
Тема боюнча
Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив

Июлда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6%га кымбаттаары айтылды

75
(жаңыланган 14:59 23.06.2021)
Көп товарлардын, анын ичинен мунай заттарынын баасы тездик менен өсүп жатат. Бир жыл ичинде баа 85 пайыздан да жогорулады.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Июль айында Кыргызстанда күйүүчү май дагы 4-6 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Маалыматта учурда көп товарлардын, анын ичинен мунай заттарынын наркы улам өсүп жатканы айтылат. Фьючердик баа бүгүнкүгө бир баррелине 75 доллар болгон. Ал эми жыл ичинде 85 пайызга кымбаттаган.

"Суроо-талап өсүп жатат. Bank of America берген анализге таянсак, Brent мунайынын бир баррели 2022-жылы 100 долларга чыгат. Мындай божомолдорду ири нефтетрейдер Trafigura жана америкалык Goldman Sachs банкы да айтып жатат. Баанын көтөрүлүшүн суроо-талаптын көп, ал эми сунуштардын аз болушу менен байланыштырып жатышат", — деп айтылган маалыматта.

Бул тармакта иш алып барып жаткандар Казакстанда да мунай заттарынын баасы кымбаттап жатканын кабарлашты. Рынокко Павлодардагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу 24-июлдан 16-августка чейин жасала турган оңдоо иштери таасирин тийгизген. Рыноктогу эксперттердин айтымында, бул маалда күйүүчү май тартыш болуп, ал өлкөнүн түндүгүнө Россиядан келген импортту көбөйтөт. Трейдерлер май берген бир катар тараптар мындан аркы баанын өсүшүн күтүп, чектеп койгондуктарын айтышты.

Баа Өзбекстанда да көтөрүлгөн. Муну Россиядан келчү мунай заттарынын наркы орточо эсеп менен тоннасы 25тен 30 долларга чейин кымбаттагандыгы менен түшүндүрүштү.

Россияда мунайдын баасынын өсүшүнөн жана рублдин курсунун алсыздыгынан улам бир катар чаралар көрүлүүдө. Мисалы, биржада күйүүчү майдын сатылуусу көбөйүп, демпфердик механизмдер тизгинделүүдө. Мунай компаниялары менен макулдашуулар жүрүп, ички рынокту камсыздаш үчүн экспортко тыюу салуу да каралууда. Россиянын май куйган бекеттеринде баа бир айдан бери (13-майдан тарта) токтоосуз өсүп жаткандыгы айтылды.

"Бүгүн ички рынокто АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 54 миң рубль, ал эми экспорттук наркы тоннасына 67 миң рублден ашып кетти. Дизель майы мындай абалдан улам Европада асмандап жатат, тарыхый рекоррду жаңылап, алты пайызга кымбаттады", — деп айтылган маалыматта.

Нефтетрейдерлердин билдиргенине караганда, июлда күйүүчү майдын баасы дагы, тагыраагы, 4төн 6 пайызга чейин көтөрүлөт.

"Кыргызстан көп жактан, анын ичинен мунай заттары боюнча импортко көз каранды. Өндүрүшчүлөрдүн баштапкы баасына таасир эте албайбыз. Андыктан өлкөнүн рыногуна таасирин бере алган башка чараларды колдонуу абзел. Маселен, абдан көп колдонулган маалда мунай заттарынан алынган салыкты азайтуу, гибриддик, электр кыймылдаткычтар менен жүргөн техникалык унааларды өлкөгө алып кирип жатканда жеңилдик кароо, май жана газ куюучу бекеттерди курууда нормаларды жөнөкөйлөштүрүү жолдору бар", — деп сунушташты нефтетрейдерлер.

Аталган союздан бул газ рыногун тез өнүктүрүүгө көмөктөшүп, улуттук валютаны күчтөндүрөрүн белгилешти.

75
Белгилер:
бензин, Күйүүчү май, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Мунай сатуу тартибин бузган май куюучу 5 жайга айып салынды