Рекорд! Кыргызстандын алтын запасы бир айда 22 миллиард сомго кымбаттады

© AFP / ARNE DEDERTАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Азыркы көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында жаңы рекорд болуп саналат. Мында кеп алтын-валюта резервдеринин баалуу металлдан турган бөлүгү жөнүндө гана болуп жатат.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Апрель айында Кыргызстандын алтын кору 22 миллиард долларга кымбаттады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Улуттук банкынын расмий сайтына чыкты.
Ушул жылдын 1-апрелинде башкы банктагы алтындын резерви 76 миллиард 986,8 миллион сомго, ал эми май айынын башында 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланган.
Гранулдардагы 99,99 пайыздык эң жогорку стандарттагы тазаланган алтын жана күмүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Кыргызстан баалуу металлдын бирин азыраак сата баштады
Алтын корунун бул баасы өлкө тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды. Мындай өсүшкө эмне себеп болгону айтылган эмес. Бирок Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата (дүйнөлүк баага барабар) апрелде 33,5 долларга өсүп, 1 767,65 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.
Белгилей кетүүчү жагдай, резервдин наркы бир жылга жетпеген убакыт ичинде эки эсеге (өткөн жылдын июнь айынын башында - 48,4 миллиард сом) жогорулаган.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0