Кумтөр голд ишканасынын кызматкери. Архив

Кумтөрдү иштетүүгө жаңы жетекчилер каражатты кайдан алат? Бөлтүрүктүн жообу

1204
(жаңыланган 13:13 20.05.2021)
"Кумтөр голд" ишканасынын бир айлык сатып алуусу 21 миллион долларга чамалайт. Андан сырткары, айлыкка 4 миллион доллардын тегерегинде, салыктарга 11 миллион доллардан ашык сарпталат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кумтөрдө өндүрүш токтоп калган жок, алгачкы эки айлык кризистен чыгууга каражат табылды. Бул тууралуу "Кумтөр голд" компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, "Кумтөр голд" ишканасынын бир айлык сатып алуусу 21 миллион долларга чамалайт. Андан сырткары, айлыкка 4 миллион доллардын тегерегинде, салыктарга 11 миллион доллардан ашык сарпталат.

"Бизде бир канча булактар бар, "Кыргыз алтын" ишканасындагы 20 миллион долларлык дивидендибизди алабыз. Кечээ Улуттук банк менен 29 миллион долларга келишим түзүп, алгачкы партиясын саттык. Мындан сырткары, Финансы министрлигинен 25 миллион доллар кредит алып жатабыз. Бул каражат алгачкы эки айлык кризиске жетет. Андан ары өзүбүз айына баасы 50 миллион доллардан ашык алтын чыгарып турабыз", — деди Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал Кумтөрдө өндүрүш туруктуу иштеп жатканын айтып, мындай кырдаалда кызматкерлердин айлыгы азайбай турганын кошумчалады.

1204
Белгилер:
Кумтөр, Теңиз Бөлтүрүк, кен иштетүү, каражат, маяна
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (100)
Тема боюнча
"Кумтөр" өкмөткө өткөндөн кийин Улуттук банкка 29 млн. долларлык алтын сатты
Бөлтүрүк: эми дүлөй, дудук болуп сүйлөшпөй, Centerra бизди уккудай кылабыз

Кымбаттап кетти! Эл көп алган жолтандабастардын баасы

386
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу 2020-жылдын декабрынан тарта ушул күнгө чейин суроо-талап күч болгон жолтандабастар менен кроссоверлердин баасына көз жүгүрттүк.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы 17.09.2021

Көп сатылган 10 автоунаанын тизмеси:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Тизмедеги машиналардын басымдуу бөлүгү орточо 200-1 000 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser машиналарына тийиштүү.

2007-жылы чыккан Volkswagen Touareg, Subaru Forester, 2011-жылкы Kia Sportage болжол менен 200-1000 долларга арзандаганын көрүүгө болот.

386
Белгилер:
автоунаа, жолтандабас, баалар, базар, суроо-талап
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш

201
Sputnik Кыргызстандын баяндамачысы каржылык сабаттуулук боюнча материалдардын топтомун даярдады. Бул макалада акчаны кайсы валютада сактоо туура экенин, ошондой эле акча сакталган валюталардын артыкчылыктарын жана терс жактарын талдап берген.

Мурунку жолкусунда автор акчаны кантип көбөйтсө болорун, тыйын-тыпыр топтоонун жолдорун кенен айтып берген.

Кокус курс жогорулап кетсе, пайда таап алууга же, тескерисинче, куну төмөндөп кетсе маңдай тер менен тапканыңдан жоготуп алуу ажеп эмес. Ошондуктан валюталардын оң жана терс тараптарын карап чыгалы.

Бардык акчаны долларда сактоо

Мунун артыкчылыгы америкалык валютанын негизинен дайым өсүштө болгондугунда. Алыс кетпей эле былтыркы көрүнүштү мисал келтирели, март айында аталган валютанын наркы 70 сомдон 85 сомго дароо көтөрүлгөн. Бирок ошол эле жылы кайра 76 сомго түшкөн. Башкача айтканда, доллар арзандап да кетерин эске алуу абзел. Мындайдан мен да күйгөн жайым бар, кезегинде 80 сомдон ашык акчага сатып алсам, көп өтпөй кайра анын куну түшүп кетпеспи. Көңүл чөгөргөн абал, кейибей коё албайсың.

Сатып алайын десеңиз эле кымбат курска кабыласыз, ал эми акча керек болуп алмаштырар убакта сатып алганыңыздан кыйла арзандай түшкөн болот. Жөн жерден чыгым тартасыз.

Америкалык валютанын куну өзгөрбөгөн күндө деле алмаштырууда бир доллардан 20-30 тыйын жоготосуз. Эгер топтогон акчаңыз азыраак болсо, анда чыгымыңыз анчалык сезилбейт.

Дагы бир терс жагы – банкта аманатты долларда кармоо, анткени бул валютадагы салымдардын пайыздары өтө аз, 1-4 пайызды гана түзөт.

Сом менен сактоо

Улуттук валютаны сыйлап жана сүйүүгө тийишпиз. Мекенчилдиктен тышкары да артыкчылыктары арбын. Сом түрүндөгү депозиттер абдан жогору, 5-6 пайыздан айрым түрлөрү боюнча узак мөөнөткө салынса 14кө чейин чыгат.

Башкача айтканда, туруктуулук өкүм сүргөн жылдары инфляцияны гана жаппастан, активдериңизди да бир аз жогорулатат. Дагы бир артыкчылыгы — чыгымдардын басымдуу бөлүгү адатта улуттук валютада болот, андыктан алмаштыруу операцияларында жоготууга учурабайсыз.

Бирок терс тарабы да жок эмес. Курс кескин жогорулап кетиши ыктымал, андайда чет өлкөлүк валютага айландырганда жыйнаган тыйыныңыздын суммасы азыраак чыгып калат.

Кыргызстан товарлардын басымдуу бөлүгүн сырттан импорттогондуктан, доллардын куну өскөндө баалар да асмандайт, сатып алуу жөндөмү төмөндөйт. Жогорку инфляция депозиттик ченди бөгөп коюшу мүмкүн.

Туруктуу жылдары банктагы аманат бир аз киреше алып келсе, каатчылык каптаганда чыгымга да кабылуу коркунучу бар. Маселен, 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын июлуна чейин өлкөдө инфляция 14,6 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, бул жылдык депозит боюнча ар бир ченден жогору.

Евро жана башка валюталар

Былтыр евронун куну 100 сомдон ашкан. Мындай өсүш жакшы көрсөткүч экени айныгыс. Терс тарабы – өтө төмөн пайыздык чени, быйыл жыл башында үч пайыздан ашкан эмес. Анан да бул валютада жергиликтүү банктардын үчтөн биринде гана аманат ачууга болот.

Дагы бир кемчилиги — сатып алуу менен сатуудагы айырманын чоңдугу. Эгер долларда бул 0,2-0,3 сомду гана түзсө, европалык валютада мындай айырма бир сомдон ашат.

Эске салсак, башка, британиялык фунт стерлинг өңдүү валюталар дээрлик өлкөдө тараган эмес. Ал эми тыйынды өлкөдөгү каржылык мекемелерде оңой алмаштырып же жайгаштырууга мүмкүн болгон валютада кармоо дурус.

Эмне кылуу абзел?

Адатта банкирлер жана каржылык талдоочулар берген негизги кеңеш – диверсификация. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тыйын-тыпырды үчкө бөлүп, сом жана доллар түрүндө, ал эми үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларына салууга кеңеш берген. Башкача айтканда, топтогон каражаттын баарын бир валютада кармоо кооптуу.

"Жеке "портфелди" дайым диверсификациялоо кажет. Сом, доллар же алтын менен гана кармоо туура эмес ыкма", — деп түшүндүргөн Абдыгулов.

Кандай болгон күндө да кантип сактоо керектигин өзүңүз чечесиз, бирок алгач тыкыр изилдеп, негизги валюталардын оң жана терс жактарын салмактап алыңыз. Акыл калчаган соң гана чечим кабылдаган оң.

201
Белгилер:
акча, валюта, банк, доллар, сом, евро, каржылык
Тема боюнча
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Түнкү Бишкек. Архивдик сүрөт

Бишкектин айрым жерлери 20-сентябрда жарыксыз калат. График

0
Эртең "Түндүк электр" ишканасынын бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 20-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бул убакытта уюмдун бригадалары бутактарды кесип, зымдарды тартып, жабдууларды оңдомокчу.

Электр жарыгы жок боло турчу жерлер:

  • 8:00дөн 18:00гө чейин — 8-кичи райондогу № 12 жана 12/1 үйлөрүндө, 7-кичи районундогу №16/1—16/12 үйлөрүндө;
  • 9:30дөн 13:00гө чейин — Жибек Жолу проспектисинин, Муса Жалил, Целиноградская, Садовая жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Кызыл-Кыя, Можайский көчөлөрүнүн кесилиштеринде, Рыскулов көчөсүндөгү № 8 үйдө, Калыс-Ордо (№ 86 мектеп), Жеңиш, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алты-Түтүн, Эр-Тайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү) конуштарында, ошондой эле Маевка айылында;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Чүй проспектисиндеги №1 үйдө, Ахунбаев көчөсүндөгү № 106 үйдө, Көлбаев (№ 22, 24/1—24/4, 28, 30 үйлөрү), Армавирская, Шайыр, Кантемир жана Низовая көчөлөрүндө.
0
Белгилер:
Бишкек, 'Түндүк Электр' ишканасы, ишкана, жарык берүү, көчө
Тема боюнча
Министрлик: октябрдын соңунда жарык үчүн квитанция жаңы тариф менен чыгат