Марипов товарлардын контрабандалык жол менен киришин тыюу тапшырмасын берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы соңку окуяларга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун булактарын издөө зарылдыгын дагы бир ирет баса белгилеген.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Контрабандалык жол менен ташып келинген товарларга бөгөт коюу жана импорттук салык чогултууну башкаруу ишин күчөтүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кеңешмеде билдирди.
Ал соңку окуяларга жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө жумшалган чыгымдарга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун булактарын издөө зарылдыгын белгиледи.
"Импорттун салыгын жыйноо көзөмөлүн күчөтө албаганыбыздан улам миллиондогон чыгымга учурап жатабыз. Бүгүнкү күндө кошумча чыгымдар көп болууда. Эгер эсепке алынбаган/контрабандалык ташууларды жойбосок, кандай аракет болбосун натыйжа чыкпайт. Мындай иштерди толугу менен жоюу боюнча олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл", — деп белгилеген Марипов.
Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт башчы ведомстволорго салмактык-габариттик көзөмөлдү башкарууну жакшыртуу жана контрабандалык импортту тыюу боюнча тапшырмаларды берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0