Сунушту карап жатабыз. Улуттук банк Кумтөрдөн алтын сатып ала электигин билдирди

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкекетеги Улуттук банктын имараты. Архив
Бишкекетеги Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Буга чейин Теңиз Бөлтүрүк компания Улуттук банкка алтындын алгачкы партиясын 29 миллион долларга сатканын айткан.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Улуттук банк Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтынды сатып алуу сунушун карап жатат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин "Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк компания Улуттук банкка алтындын алгачкы партиясын 29 миллион долларга сатканын айткан.
Мыйзам боюнча Улуттук банк жана министрлер кабинети Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды сатып алуу боюнча артыкчылык укуктарга ээлик кылат.
"Кыргыз алтын" ишканасы белгиленген тартипте Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн алтынды сатып алууну сунуштап Улуттук банкка кайрылды. Азыркы тапта аталган сунушту кароо процесси жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, алтын валюта резервинин көлөмүн толтуруу саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн алтынын улуттук валюта менен тынымсыз сатып алып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0