Литвадан Кыргызстанга келген автоунаалар импорттун көлөмүн көбөйттү

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базарында сатыла турган унаалар. Архив
Автоунаа базарында сатыла турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы үч айынын ичинде 21,2 миллион долларга 2 272 даана жеңил автоунаа кирген.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанга импорттолгон автоунаалардын көрсөткүчү азайганы менен кээ бир чет өлкөлөрдөн келген жеңил автокөлүктөрдүн саны өскөн. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Быйыл январдан тарта март айына чейин өлкөгө 2 272 автоунаа ташып киришкен, ал эми 2020-жылы бул сандар 3 907 болгон. Казакстандан келген темир тулпарлардын импорту азайган, сандар менен алсак, 2 213төн 51ге түшүп кеткен.
Анткен менен төмөнкү өлкөлөрдөн ташып келүү өскөн:
  • Түштүк Корея — 14төн 569га көбөйгөн;
  • АКШ — 9дан 136га арбыган;
  • Литва — 11ден 130га өскөн.
Эске салсак, буга чейин да кыргызстандык ишкерлер Литвадан автоунааларды ташып келип турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0