Доллардын баасы улам түшүп жатат. Сандар

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар жана сом купюралары. Архив
Доллар жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанда узак убакыттан бери доллардын баасы бир калыпта кармалып, тагыраак айтканда, 84,9 сомдон сатылып жаткан.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектеги бир катар банктарда долларды сатып алуу курсу 83,3 сомго чейин арзандады. Мындай маалыматтар Valuta.kg порталында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-майда, долларды сатып алуунун орточо курсу 83,53, ал эми сатуу 83,92 сом болуп жаткан.
Бүгүн саат 11:30га карата америкалык валютанын курсу төмөндөгүдөй болууда:
  • Сатып алуу — 83,25 сомдон 83,5ке чейин (орточо 83,33);
  • Сатуу — 83,65 сомдон 83,9га чейин (орточо 83,71).
Кыргызстанда узак убакыттан бери доллардын баасы бир калыпта кармалып, тагыраак айтканда, 84,9 сомдон сатылып жаткан. Бирок соңку күндөрү америка валютасы акырындык менен арзандай баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0