Май айында кымбаттаган азык-түлүк. Аймактар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Республика боюнча кой этинин бир килограммынын орточо баасы 465,47 сом болуп, өткөн айга салыштырмалуу 4,1 пайызга өстү. Ал эми суу майдын литри 167,09 сомдон сатылып, бир ай мурдагы баага караганда 3,6 пайызга жогорулады.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын май айында өлкөдө азык-түлүктүн арасынан кой эти менен пахта майы кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Республика боюнча кой этинин бир килограммынын орточо баасы 465,47 сом болуп, өткөн айга салыштырмалуу 4,1 пайызга өскөн. Ал эми суу майдын 1 литри 167,09 сомдон сатылып, бир ай мурдагы баага караганда 3,6 пайызга жогорулады.
Унаага май куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Бензин кечээкиге салыштырмалуу дагы кымбаттады
Кой этине максималдуу чекене баа Исфана, Жалал-Абад (бир килограммы 500 сом) жана Баткен (489 сом) шаарларында катталды. Тескерисинче, эң арзаны Покровка айылында (бир килограммы 420 сом), Каракол (428 сом) жана Балыкчы (440 сом) шаарларында сатылууда.
Ал эми пахта майынын чекене баасы көпчүлүк шаарларда орточо көрсөткүчтөн ашып кетти.
Суу май Токмок (бир килограммы 192 сом), Исфана жана Ноокат (176 сом) шаарларында кымбатыраак сатылып жатат. Төмөнүрөөк наркты Кербен (бир килограммы 130 сом), Талас (141 сом) шаарларында, ошондой эле Покровка айылынан (154 сом) көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0