АКШ долларларын санап жаткан аял. Архив

Алтын менен доллар арзандап, күйүүчү майдын баасы өзгөргөн жок

146
(жаңыланган 10:57 24.05.2021)
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу менен алтындын баасы бир аз төмөндөдү. Күйүүчү май ошол эле баага сатылууда.

Ишемби күнү коюлган бааларга салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында АКШ акчасы арзандап, сатып алуу 19 тыйынга (83,14 — 83,9 сом), сатуу 19 тыйынга (83,53 сом) төмөндөдү. Ал эми жума күнкү көрсөткүчтөргө салыштырмалуу еврону сатып алуу 58 тыйынга (100,87 сом) сатуу 60 тыйынга (102,28 сом) ылдыйлады. Рубль менен теңгенин баасында билинер-билинбес гана өзгөрүү болду.

Күйүүчү майдын баасы ошол боюнча.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 49,7 сом;
  • АИ-95 — 51,7 сом;
  • Дизель майы — 45,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 49,5 сом;
  • АИ-95 — 51,5 сом;
  • Дизель майы — 45,5 сом.

Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 17,5 сомго арзаныраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.

146
Белгилер:
баа, бензин, алтын, евро, доллар, Кыргызстан
Тема боюнча
Май айында кымбаттаган азык-түлүк. Аймактар
Алтын куймалары. Архив

Өлкөнүн алтын запасы бир айда 16,6 миллиард сомго арзандады

57
(жаңыланган 10:47 24.06.2021)
Эл аралык валюта резерви ондогон валютадан жана алтындан турат. Алар Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Май айына карата Кыргызстандын алтын запасы 16 миллиард 644,1 миллион сомго арзандады. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтына жайгаштырылган.

Ушул жылдын 1-майында алтындын кору 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланса, июндун башында 82 миллиард 389,6 миллион болуп калган. Эмнеге наркы түшүп кеткени айтылган эмес. Анткен менен дүйнөлүк рынокто майдан июлга чейин алтынга карата баа унциясы үчүн 100 долларга кымбаттаган.

Белгилей кетсек, апрелден майга чейин рекорддук көрсөткүч катталып, запас 22 миллиард сомго кымбаттаган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

57
Белгилер:
арзандоо, запас, валюта, алтын, Улуттук банк
Тема боюнча
Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат
Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

205
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

205
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов

Өмүракунов: дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү

0
Пилот, Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын мүчөсү, бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Акылбек Өмүракунов дрифт автоспорттун эң коопсуз түрү экенин айтты.

2017-жылдан бери дрифт менен алектенип келем. Ушул убакытка чейин алган тажрыйбам жарыштарда биринчи болууга мүмкүндүк берүүдө. Бул тууралуу Акылбек Өмүракунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өмүракунов: дрифт — автоспорттун эң коопсуз түрү

Анын айтымында, 12 жашынан баштап автоунаа башкара баштаган.

"Мен автоунааларга эс тарткандан бери кызыгам. Башталгыч класстарда дептерлерге өзгөчө автомашиналардын сүрөттөрүн тартып жүрчүмүн. Башка балдар кандайдыр бир тасмалардан эргүү алып, анан гана автоспортко келишет. Ал эми мен үчүн "Форсаж" сыяктуу картиналар ачылыш деле болгон эмес. Менин азыркы унаам Nissan 200sx. Казакстандан сатып алгам. Негизи дрифтке катыша турган техниканы толугу менен жасап чыгабыз. Себеби машинанын мотору, коробкасы жана башка бардык жагы бышык, күчтүү болушу зарыл. Унаанын каркасынын ичи жалаң трубалардан турат. Ошондуктан дрифт автоспорттун бардык түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу десек болот. Унаа мелдеште чындап эле оор сыноодон өтөт. Ошондуктан ар бир жарыштан соң техника толук кароодон өткөрүлөт. Бул машиналар менен шаар ичинде жүрө албайбыз. Себеби мыйзам жол бербейт жана үнү абдан катуу чыгат. Жарыштын унаалары чиркегич менен гана ташылат", — деди Өмүракунов.

Пилот шаар ичиндеги көчө жарышчылары элдин дрифт маданиятын кабылдоосуна терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

0
Белгилер:
авто, спорт, жарыш, дрифт
Тема боюнча
Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет