Кумтөр кенинде кызматкерлер иштеп жатат учурунда

Учурда Кумтөр кенинде иш кандай жүрүүдө. Видео, сүрөттөр

652
(жаңыланган 16:03 28.05.2021)
Ушул тапта кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырып жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кумтөр кенинде өндүрүш иштери уланып, кызматкерлер иштеп жатат. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы маалымдады.

  • Сотрудники во время работы на территории золотодобывающего завода на руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Сотрудники во время работы на территории золотодобывающего завода на руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Сотрудник во время работы на территории золотодобывающего завода на руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Сотрудники во время работы на территории золотодобывающего завода на руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Спутниковая тарелка на территории золотодобывающего завода на руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Золотоносный рудник Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Груженная спецтехника на золотоносном руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Золотоносный рудник Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Груженная спецтехника на золотоносном руднике Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области. 28 мая 2021 года
    Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызын Кыргызстан ээлик кылат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 9
© Sputnik / Эламан Карымшаков
7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген

Ушул тапта кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырып жатат.

"Адистердин айтымында, күнүнө 500 миң тонна руда казып чыгышат, анын ичинен 16 миң тоннасында алтын бар топурак чыгарылууда", — деди кабарчы.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова журналисттерге Centerra Gold Inc. "Давыдов" мөңгүсүн талкалоо жолу менен кен казып, мунун айынан 178 миллион куб аянты жок болгонун билдирди.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызын Кыргызстан ээлик кылат.

652
Белгилер:
журналист, абал, Кумтөр, Centerra Gold Inc
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Кумтөр — Centerra компаниясынын негизги активи. Себеби жана чоо-жайы
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

185
(жаңыланган 17:35 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

185
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Уйлар. Архив

Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды

99
(жаңыланган 17:02 24.06.2021)
Улукбек Марипов жыйында өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынганын өкмөт кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу каралган.

Марипов Айыл чарба министрлиги маалында чара көрсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралмак эместигин айткан. Ошондуктан бир катар чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп жатканын билдирген.

"Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары аймакка кээ бир айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынат. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка тууралуу болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу чөптү, аралаш тоютту, жүгөрүнү, арпаны толугу менен тышка сатууга тыюу салынат. Ал эми 8-июлдан тарта Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, үч миң тонна кумшекер жана өсүмдүк майы сатып алынганын билдирген. Ошондой эле өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынган.

Марипов бюджетке болжол менен 200 миллион сом түшпөй каларын, бирок элди азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн туура чечим кабыл алынганын кошумчалаган.

99
Белгилер:
азык-түлүк, чектөө, чечим, экспорт, мал, Кыргызстан
Тема боюнча
Керимбаев: эми Казакстандан өткөн товарлар мурдагыдай текшерилбейт
Июлда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6%га кымбаттаары айтылды
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

0
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
0
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы