Кумтөрдүн кызматкери

"Кумтөрдө" чет элдиктер калган жок, жетекчилик орундарды кыргызстандыктар ээледи

1800
(жаңыланган 20:41 28.05.2021)
Кумтөрдө подрядчы компанияларды кошкондо жалпысынан 3500 кызматкер эмгектенет. Мурда анын 98,5 пайызын Кыргызстандын жарандары түзгөн.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин бир да чет элдик жаран калган жок, бүт тармакта кыргызстандыктар иштеп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жетекчилик кызматтарды 10го чукул чет өлкөлүк аркалачу, арасында канадалыктар дагы бар.

И.о. директора по производству Кумтор Голд Компани Нурдин Усонов
© Sputnik / Эламан Карымшаков
"Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов
"Кумтөрдө подрядчы компанияларды кошкондо жалпысынан 3500 кызматкер эмгектенет. Мурда анын 98,5 пайызы Кыргызстандын жарандары болчу, азыр 100 пайызын түздү. Финансы, сатып алуу бөлүмүнүн директорлору жана компаниянын президенти сыяктуу жетекчилик кызматтарда 10го чукул чет элдик жаран иштечү. Катардагы адис катары да келип иштеп тургандар болгон. Ошол эле учурда жетекчилик орундардын көбүн өзүбүздүн жарандар ээлечү. Мисалы, мен 2011-жылдан бери алтын ылгоочу фабриканын менеджери болуп иштейм. Жакында эле өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалдым. Менин кол астымда эле алты чет элдик эмгектенчү", — деди Үсөнов.

Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөр голд компани" ишканасын убактылуу сырттан башкарууга алып, Теңиз Бөлтүрүктү жетекчи кылып дайындаган.

1800
Белгилер:
чет элдик жарандар, жумуш, кызматкер, жетекчи, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Учурда Кумтөр кенинде иш кандай жүрүүдө. Видео, сүрөттөр
Канадада компаниясы, Кумтөрдө акциясы бар. Теңиз Бөлтүрүк тууралуу 10 факты
ЖК депутаттары экологиялык конгресстин жыйынында Кумтөр маселесин көтөрүштү
Алтын куймалары. Архив

Өлкөнүн алтын запасы бир айда 16,6 миллиард сомго арзандады

73
(жаңыланган 10:47 24.06.2021)
Эл аралык валюта резерви ондогон валютадан жана алтындан турат. Алар Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Май айына карата Кыргызстандын алтын запасы 16 миллиард 644,1 миллион сомго арзандады. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтына жайгаштырылган.

Ушул жылдын 1-майында алтындын кору 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланса, июндун башында 82 миллиард 389,6 миллион болуп калган. Эмнеге наркы түшүп кеткени айтылган эмес. Анткен менен дүйнөлүк рынокто майдан июлга чейин алтынга карата баа унциясы үчүн 100 долларга кымбаттаган.

Белгилей кетсек, апрелден майга чейин рекорддук көрсөткүч катталып, запас 22 миллиард сомго кымбаттаган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

73
Белгилер:
арзандоо, запас, валюта, алтын, Улуттук банк
Тема боюнча
Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат
Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

279
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

279
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга барып, Тажикстанга да тие келери кабарланды

0
(жаңыланган 14:23 24.06.2021)
Мамлекет башчы 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга барып, 28-29-июнда Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулайт.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү Түркмөнстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрөт.

“Эки өлкөнүн жетекчилери эки жана көп тараптуу кызматташууну, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында иштешүүнү талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-29-июнь күндөрү Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барып, Эмомали Рахмон менен жолугары кабарланды. Тараптар кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга барарын Sputnik Тажикстан жазган. 

0
Белгилер:
чек ара, расмий сапар, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров июндун соңу менен Тажикстанга барат
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду