Кумтөр голд компани ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов

"Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин эмне өзгөрдү? Директордун жообу

3884
(жаңыланган 20:42 28.05.2021)
Компаниянын фабрикасында бир күндө 35-40 килограмм (1200 унций) таза алтын чыгарылып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин деле алтын ылгоочу фабрика, тоо-кен өндүрүш, техникалык тейлөө сыяктуу бөлүмдөрдүн бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.

Ал башкаруу жаатында гана бир аз өзгөрүү болгонун белгиледи.

"Тышкы башкарууга өткөнү башкача иштеп жатабыз. Мурда англисче сүйлөсөк азыр кыргызча, орусча сүйлөшүп калдык. Кыргыздар эле келди да, мисалы, Теңиз Бөлтүрүк мени институтта окуткан агайым болчу. Эмгек жамааты баарына түшүнүү менен мамиле жасап жатат. Башка өзгөрүү жок, адистер өз ордунда иштеп жатат, алар көп жылдык тажрыйбасы бар кадрлар", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал алтын өндүрүү, сатуу процесси да мурдагыдай эле процедура менен жүрүп жатканын белгиледи.

"План боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна тоо тектери казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда. Бир күндө фабрикада 35-40 килограмм (1200 унций) таза алтын ылганып чыгууда. Муну 1880 доллардан сата турган болсок, 70 миң доллардын тегерегинде болот", — деди өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Үсөнов кызматкерлердин маяналары кечиктирилбегенин, план боюнча кечээтен баштап берилип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.

3884
Белгилер:
Нурдин Үсөнов, өндүрүү, алтын, жетекчилик, өзгөрүү, башкаруу, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Канадада компаниясы, Кумтөрдө акциясы бар. Теңиз Бөлтүрүк тууралуу 10 факты
Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз
Кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" сырттан кантип башкарат? Укугу жана мөөнөтү
Алтын куймалары. Архив

Өлкөнүн алтын запасы бир айда 16,6 миллиард сомго арзандады

21
(жаңыланган 10:47 24.06.2021)
Эл аралык валюта резерви ондогон валютадан жана алтындан турат. Алар Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Май айына карата Кыргызстандын алтын запасы 16 миллиард 644,1 миллион сомго арзандады. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтына жайгаштырылган.

Ушул жылдын 1-майында алтындын кору 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланса, июндун башында 82 миллиард 389,6 миллион болуп калган. Эмнеге наркы түшүп кеткени айтылган эмес. Анткен менен дүйнөлүк рынокто майдан июлга чейин алтынга карата баа унциясы үчүн 100 долларга кымбаттаган.

Белгилей кетсек, апрелден майга чейин рекорддук көрсөткүч катталып, запас 22 миллиард сомго кымбаттаган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

21
Белгилер:
арзандоо, запас, валюта, алтын, Улуттук банк
Тема боюнча
Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат
Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

169
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

169
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Көчөдө бара жаткан кыздын силуэти. Архив

Жалал-Абадда 18 жаштагы өзбекстандык кыз изделүүдө. Сүрөт

0
(жаңыланган 10:56 24.06.2021)
Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абад ШИИБдин маалымат кызматы 18 жаштагы Өзбекстандын жараны изделип жатканын билдирди.

Ага ылайык, милицияга Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусуна караштуу Яккабак шаарынын Ойша Азаматова аттуу тургуну кайрылып, небереси дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Без вести пропавшая в Джалал-Абаде, 18-летняя гражданка Узбекистана Севинч Бахрамова (Шерзод кызы)
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу

Анын айтымында, Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу. Ал Жалал-Абад шаарында жашап жүрүп ушул жылдын 3-майында Өзбекстандын аймагына кирген боюнча дайынсыз.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Кара тору, чачы, көзү, кашы кара, мурду кырдач, арык. Сол далысында сары күрөң калы бар.

Эгер Бахрамова Севинч Шерзод кызы боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, милиция төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүндү: 102 кыска номери, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0(0224) 95-15-15, 0(773)00-08-02.

0
Белгилер:
милиция, издөө, кыз, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Сарайдан чыккан боюнча жок. Ысык-Атада 34 жаштагы Элдияр Байгазиев изделүүдө
Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм бала жоголду. Сүрөт